Учкунда суунун токтоп акпай калышы көнүмүш ишке айланды.Кээде 1-2 күндөп суу болбой калат. Айыл башча Касымакун Мамырбаев айрым кезде суунун токтоп калышын мындайча түшүндүрөт: «Суу көп коромжу болуп, резервуарда суу жок калгандыгынан улам суу чыкпай калды. Коромжу болбосун деп чорголорду оңдосок, кайра эле суу деп жүргөн адамдарыбыз аларды бузуп кетет».
Айыл тургуну Шааркүл Сейитказиева: «Тургундар өздөрү да суу чорголорун оңдоп турушат»,-дейт.
Ошол эле кезде ар бир адамдан таза сууга акча алынып тураары белгилүү. «Айына таза суу үчүн ар бир адамга 5 сомдон алынат. Ал акчалар кайда кетип жатат?», — деп суроо узатат Нурсултан Асанакунов.
Таза суу башкармасы Айзат Жунушалиеванын айтымында, бул чогулган каражаттар карыздарды жапканга кетет. «Биз таза сууну насыяга 7 млн сом акчага курдурганбыз. Чогулган акчалар ошол жакка кетет. Кутулсак
чорголорду оңдойт элек. Бир суу чоргосун оңдоо үчүн 7-8 миң сомдой акча кетет экен»,— деди Айзат Жунушалиева. Анын айтымында, карыздан кутулууга 1 жылдай убакыт керектелет. Демек ошого чейин суу көйгөйү курч бойдон калат, же болбосо сууга өзүбүздүн мамилебизди өзгөртүшүбүз керек.
Айыл башчы Касымакун Мамырбаев: «Суунун чыкпай калышы учкундуктардын таза сууга сарамжалдуу мамиле кылбаганынан»,— деп белгилейт.
Авторлору: Найзабек Мукамбет уулу, Айдай Темирбекова, Тахмина Сабитакунова