“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Бузук көпүрөнү айланып өтөм деп жабыр тарткан тургундар.

12 Июнь 2014 жыл 12:59
Көрүүлөрдүн саны: 116

11-июнь күнү кечинде Учкун айылынан Шейшенаалы ата конушу менен Асанаалы  көчөлөрүн байланыштырып турган көпүрөнү айыл тургуну өзүнүн минген аты менен айланып өтө калам деп каналга кирип кеткен.

image

Ошол күнү Нурмат Куттубек уулу мектептен келе жатып ал кишинин суудан атын чыгара албай жатканын көргөн. «Бул жакта көп кырсык болот, аты менен жылаңач денечен кирген киши күндүн суугунда атын кыйналуу менен алып чыккан»,-
дейт ал.

image

Нурматтын айтуусуна караганда, 10-классынын окуучусу Нурсултан Темирбеков да трактор менен көпүрөдөн айланып өтөм деп каналга кирип кетип, оор жаракат алган.

image

Көпүрөнүн ушул абалда турушу көп болду. Анын жанында жашаган 62 жаштагы Темирбек Жумаев айыл өкмөткө нааразы.»Айыл өкмөт көпүрөнү оңдобой жатат, көпүрөнү айланып өтүүгө туура келүүдө, балдарыбызга бир нерсе болуп кетет го деп тынчсыздануудабыз, көпүрөнү тез арада оңдосо жакшы болоор эле»,- дейт ал.

image

Учурда көпүрө качан оңоло тураары тууралу айыл кеңешинин депутаты Адыл Мусаев мындайча белгиледи: «Көпүрөнү калыбына келтирүү үчүн 40 миң сом сарпталат, жана бул каражатты бюджет бизге бербейт, депутаттардын атынан оңдотуп берүүгө аракет кылабыз»,-дейт ал.
Анын айтымында, айыл өкмөтүнүн бюджети март айында бекитилгендиктен бул маселеге акча каражатын башка булактардан издөө керек.

image

Көпүрөнүн начар абалынан калк жабыр тартууда. Качан адам катуу жаракат алганда гана оңдоо иштери жүрөбү?

Авторлор: Алмаз Эшбаев, Нурдин  Токторбай уулу.