“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкун айылында таштандылар 2жылдан бери арыла элек

12 Июнь 2014 жыл 8:43
Көрүүлөрдүн саны: 127

image
Учкун айылындагы каналдын антисанитардык абалы чон маселе жаратууда. Анын себеби айыл тургундарынын каналдын жээгине таштандыларды ташташы жана жаныбарлардын олугун сууга ыргытышы болуп саналат.
«Каналдын антисанитардык абалы эн начар, мени канаттандырбайт»,-дейт айыл тургуну Сайкал Абдразакова.
Айыл ичине таштандылар да толуп кеткен. Бегимай Турсун кызы: «таштандыларды тогуучу жай алыстыгынан биз ушул жакка тогобуз жана ушул жерге балдар ойноп, суу ичкен кундор кездешет»,-дейт.
Таштандыларды тазалоо иштери 2012-жылы Айыл Окмотунун демилгеси менен жургон. Андан бери 2жыл арасында эч кандай таштандыларды тазалоо иштери жургузулгон эмес.
2014-жылы Айыл Окмоттон таштандыларды тазалоо иштери учун 10 мин сом каралмак. Ал эми айыл четинде малдын олукторун тазалаганга жайыт комитети да 10 мин сом бюджетке бермек. Бирок каражаттар азыркы учурга чейин болуно элек.
Айылыбызда 500го жакын тутун бар. Тазалоо иштерине ар бир тутун 10 сомдон беришет. Бирок чогулган каражат аздык кылат дейт Учкун айыл башчысы Касмакун Мамырбаев. «Бул толом кеминде 10 эсеге которлушу керек»,-деп белгиледи ал.
image
Бул маселе айыл тургундарынын чечими болмокчу.

Авторлору: Майрам Торогелди кызы, Айдай Мудунова, Айсулуу Калыбек кызы, Алмаз Эшпаев, Нурдин Токторбай уулу