Учкундук окуучулардын англис тилин үйрөнүүгө чоң мүмкүнчүлүктөрү бар.
Американын Массагусетс штатынан келген 23жаштагы Дениел Джел. «Мен Филадельфия штатындагы «Сейнт Джосеф
» университетинин бүтүргөм. Ал эми балдарды 2жыл окутуп, бул жерде жашайм»,-деп белгилеп өттү.
Азыркы кезде 50дөн ашык бала англис тилин үйрөнүп жатат. «Мен Нарын шаарынан келдим. Чкалов мектебинде окуйм. Чоңойгондо котормочу болгум келет. Ал максатыма азыртадан аракет
кылып жатам»,-дейт англис тилин үйрөнүп жаткандардын бири Айдана Адилет кызы.
Балдарынын алдыга умтулганына ата- энелер да кубанышат. Гүлмира Аскарова: «Кызыбыз дайыма ийримден келгенде ар түрдүү оюндарды ойногонун, кызыктуу өткөнүн айтып келет. Кызымдын айтканынан эле ал абдан балдарды өзүнө тартып, кызыктырып окутаарын түшүнөм. Кээде мектептен жолугуп турабыз»,-дейт.
Кээ бир айыл тургундары Даниел Джел менен жакшы тил табышып алышкан. Даниел Джел «Мага Учкун эли абдан жакты. Алар меймандос жакшы адамдар экен. 2жыл ичинде көп нерсени билип алам деген ойдомун»,- деп белгилейт.
Даярдагандар: Найзабек Муканбет уулу, Айканыш Адил кызы.