“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкундагы парта дарактар сугарылбай кургап баратат

17 Сентябрь 2014 жыл 13:59
Көрүүлөрдүн саны: 91

    Абдылбаев Жумагул агай конушундагы 500 түп тал жана
500 түп терек айдалган. Алардын 50% куурап калган.

image

     Айыл башчы Касмакун Мамырбаев тал, теректердин куурап калганын мындайча  түшүндүрөт. «Биз мектеп окуучулары менен бирге миң түп тал, теректерди казып келип отургузганбыз. Арык тарттырып бергенбиз тилекке карышы ал тал,теректер куурап калды. Куурап калгандыгынын себебине жаз кургакчыл, шамал кесепетинен келип чыкты,»- дейт ал.

image

     Отургузууга жардам берген Майрам Төрөгелди кызы «Паркты сугарганда суу аягына чейин жепейт. Баш жагын сугарышат. Анан парктын кароолчусу өзү малдарын жайып, уйларын аркандайт. Ошолордун кесепети тийип жатат»,-  деп белгилеп өттү. 

image

      Ал эми мындай пикирге кароолчунун уулу Максат Аскер уулу кошулбайт. «Мен бул паркты 3 ирээт сугаргам. Парк жакшы эле сугаргам. Жалаң аяк жагына талдарды тигип коюшуптур. Тал деген оңой менен өспөйт да жаз да кургакчыл болду ошол себептен тал, теректер куургап калды»,- деп белгилейт.

Даярдагандар: Найзабек Мукамбет уулу, Айдай Мүдүнова