“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкун: 78деги Салиа апа ар күнүн твиттерден баштайт.

28 Сентябрь 2014 жыл 11:41
Көрүүлөрдүн саны: 106

IMG_7349Азыркы кезде айыл тургундарынын кары-жашы дебей твиттерсиз жашоосун элестеттүү мүмкүн эмес.Себеби Салиа апа жакынкы күндөрдө улагын жоготуп алып, твиттерге кайрылуу аркылуу эч кыйналбастан таап алды.
Мындан 5-6 күн мурун 78 жаш курагындагы Салиа апанын кичинекей улагы белгисиз жоголгон.Салиа апанын сураштыруусунда анын кошунасы твиттер аркылуу белгисиз малды табууга мүмкүнчүлүк бардыгын айткан.Салиа апанын айтуусунда»Мен улакты издечүдөй куракта эмес болгондуктан, акыркы үмүтүм твиттерде эле.Эми твиттер мен үчүн чон иш жасады»-, дейт апабыз.
Ал эми айыл башчы Касымакун Мамырбаевдин айтуусуна караганда»Твиттер салыкты убагында чогултууга өкмөткө чоң жардамын тийгизип, убагында элди жаңылык менен камсыздоодо»-, дейт.
Азыркы учурда айыл тургундары твиттерге ишеним көрсөтүүдө.
Айыл тургундары Мультимедиалык борбордун жетекчиси Ырыскелди Сыдыковго абдан ыраазы.Себеби твиттерге кетирүү демилгеси Ырыскелди Сыдыковго тийиштүү.Ырыскелди Сыдыков «Элдин твиттерге ишеними күндөн- күнгө көбөйүп, 100го жакын малдар өз ээлерине табылууда»-, дейт жетекчи.
Жана твиттер Айыл өкмөтүндө боло турган чогулуштарга элдин көбүрөөк катмары келип катышуусуна чоң өбөлгө түзөт.
Маалыматты жазгандар: Алмаз Эшбаев жана Гулжигит Төлөбек уулу