“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкун: Учкун айылынын “Жаңыл Мырзасы”

28 Сентябрь 2014 жыл 12:45
Көрүүлөрдүн саны: 112

IMG_7177Сөзү менен да, күчү менен да жеңген Учкун айылынын Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинин кыргыз тили сабагынан берген Миргүл Абекова, эки жылдан бери “кол күрөш” боюнча мектебибиздин намысын коргоп келет.
Миргүл Абекова:”Мен мурун дагы кыздар менен класс аралык оюндарда ойноп утуп жүргөнмүн. Азыр болсо үйдө көп жумуш жазап, өзүмдү машыктырам.”-деп белгилей кетти.
Элдин күчтөнткөн кыйкырык ураандары Миргүл эжеге кайрат берди окшойт, мектеп жамаатынын ишеничин актап, кол күрөш боюнча биринчиге озуп чыкты.
Мелдештин калыстар тобунун катчысы төмөндөгүлөрдү белгилей кетти. Маралбаев Искен:”Нарын Райондук билим берүү бөлүмү жана Нарын Райондук өспүрүмдөр жана балдар спорт мектеби тарабынан уюштурулуп, 1-ирет Нарын районундагы Учкун айылынын Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинде өткөрүүнү Райондук мугалимдердин жыл сайын өтүүчү конференциясында чечим кабыл алынган. Бул мелдештин максаты: мугалимдердин пикир алмашуусун жана ден соолукту чыңдоо болуп эсептелет. Мелдеш өз максатына толугу менен жетти деп ойлойм”.
Мелдештин көрүүчүлөрү да өздөрүнүн кыялдарын, ойлорун жашыра алышкан жок.

IMG_7364Шарипова Бермет:”Мени оюндардын ичинен айымдар арасынан кол күрөш оюну абдан кызыктырды. Себеби айымдар үй оокаты менен алектенбестен, спорт менен машыгып, ийгиликке жетишкенине таң калдым. Келечекте мен дагы спорттун бир түрү менен машыгып, көптөгөн ийгиликтерди багындыргым келет!”-деп оюн айтты.
Жалпысынан мелдешке Нарын районунан 5 өрөөн (Учкун, Эмгекчил,Дөбөлү, Чет-Нура, 8-март): гиря көтөрүү, кол күрөш, аркан тартыш, мини футбол, волейбол, шахмат, тогуз коргоол спорттук оюндары боюнча күч сынашышты.
Жыйынтыгында биринчиликти Эмгекчил өрөөнү 58 упай , Учкун өрөөнү 47 упай менен экинчи, Дөбөлү өрөөнү 40 упай менен үчүнчү орунду камсыз кылышты.
2015-жылы өтө турган спартакиада Дөбөлү айылында өтө турганы аныкталды.
Материалды даярдагандар: Элина Асанакунова, Айканыш Адил кызы, Бермет Шарипова.