“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Республикалык «Манас таануу» сынагында «Улуу баян» облусттун жүзүн коргойт.

14 Апрель 2015 жыл 11:37
Көрүүлөрдүн саны: 229

 

IMG_5928 Нарын шаарында Коомдук телерадио корпорациясынын Манас таануу сынагы болуп өттү. Аталган сынакка жалпы 8 топ катышып 1-2-орунду алган топтор республикалык таймашка жолдомо алышты. Алардын бири: Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинин «Улуу баян» тобу болду.

Untitled-1

«Улуу баян» тобунун даярдаган мугалими Гүлмира Жумагулова:»Облустка катышаардан мурун өрөөндүк, райондук турунан өттүк. Облусттук сынак мыкты деңгээлде болду. Биздин максат байге утуу эмес, биз «Манас» эпосун жакшы окусак даңктай алсак максатыбызга жеткен болобуз»,-дейт.

IMG_5913

Ал эми аталган топтун мүчөсү Өмүрзак Садыбакасов мындай дейт:»Мен Манас таануу сынагына 2 жылдан бери катышып келе жатам. Бул аралыкта жакшылыкка, айкөлдүккө үйрөндүм. Ушул ийгиликке жеткизген эжебизге жалпы окуучулардын атынан ыраазычылык билдиребиз!!!».

IMG_2451

Бул жеңиш мектеп үчүн чоң жетишкендик болду. Мектептин тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары Нагима Абдыласова:» Улуу баян тобуна 9-класстын окуучулары катышып, күн-түн дебей даярданышты. Республикалык сынакта Манас атанын арбагы колдоп, облусттун атын татыктуу коргой алат деп ишенем»,-деп баса белгилеп өттү.

Республикага жолдомо алган окуучуларга ийгилик каалап, көптөгөн жетишкендиктерди багынтуусуна тилектешпиз.

Авторлору: Найзабек Мукамбет уулу, Элина Асанакунова, Нурсултан Асанбеков.