“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкун: Окуучулар жеңиш майрамын өткөрүштү

19 Май 2015 жыл 14:25
Көрүүлөрдүн саны: 119

IMG_7350

Учкун  айылында  Жеңиш  майрамынын  70 жылдыгына  карата  чоң  деңгээлде  даярдалган  иш  чара   болуп  өттү.  Аталган  иш чарага айыл  тургундары,  ак  сакал  ата-апалар, мектеп  окуучулары  катышты.

Майрамдык  иш-чарада  орук  ардагерлерине  сөз  берилип,  ыр,  бий,  сахналаштырылган  чакан  окуя  көргөзүлдү.

IMG_7270

Айыл  башчы  Касымакун  Мамырбаев:

“Биз жеңишти алып  келген ата-апаларыбызга чоң ыраазычылык  билдирип, жыл сайын аларга жакшы маанай тартуулап турушубуз  керек. Ушундай  иш-чараны уюштурган мектеп жамаатына жана окуучуларга ыраазычылык  билдирем”, — деп  иш-чарада баса  белгилеп өттү.  

 wpid-kasymakun.jpg

Ал эми орук ардагери Дүйшөнаалы Тынышов согуш жылдарын мындайча эскерди.

IMG_7303

“Мен согуш жылдарында 11 жаштагы бала болуп, жетим калдым. Чоңдор жасаган жумуштарды жасап, оор түйшүктү башыман  кечирдим. Азыркы муундун башына андай апаат окуя келбесин”, — деп окуучуларга  айтып  өттү Тынышов.

IMG_7241

Андан  кийин мектеп  окуучулары  тарабынан  уюштурулган  иш-чара менен улантылды.

Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинин 11-классынын  окуучусу Алтынбек Токторбай уулу:

IMG_7211

“Бул майрамдык иш-чара мыкты деңгээлде өтүп жатат. Өзүм дагы  кечеге катышып жатам. Бизге бейпил турмушту алып келген аталарга, апаларга таазим кылам” дейт.

Мындай иш-чараны уюштуруу менен мектеп жамааты, окуучулар  согуш жылдарын өз көзү менен көргөн ардагерлерге  ыраазычылыгын билдиришти. Мектеп жамааты эмки жылы да  жогорку деңгээлдеги иш-чараны өткөзөөрүн белгилеп өттү.

Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка

Маалыматты даярдагандар: Найзабек Мукамбет уулу, Нурсултан  Асанбеков.