“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкундуктар республикалык «Манас таануу» сынагында байгелүү орунду багынтты

19 Май 2015 жыл 14:48
Көрүүлөрдүн саны: 106

???????????????????????????????

Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинин “Улуу баян” тобу республикалык  “Манас таануу” телетаймашына катышып, 2-орунду багындырды. Аталган  сынакка жети облусттан экиден топ, Бишкек шаарынан төрт тайпа  таймашышты. Сынак 1-2-3-май күндөрү жүрдү.

1-2-майда 18 топтун ичинен сегиз топ финалдык беттешке аттанышты. Ал  топтордун ичинде “Улуу баян” тобу дагы эң жогорку көрсөткүч м0енен  финалга жолдомо алды.

Ал эми 3-май күнү болгон финалдык беттеш тууралуу “Улуу баян” тобунун жетекчиси Гүлмира Жумагулова мындай  дейт:

???????????????????????????????

“Республикалык беттеш эң мыкты деңгээлде болду. Өзгөчө финалдык   беттештер. Биз финалдык беттеште Ош облусунан келген топ менен  беттештик. Жарым финалдык беттеште 60 упай алсак, финалдык  беттеште  да 60 упай чогултуп, 2-орунга татыктуу болдук. Эмки жылы дагы өзүнчө бир топ даярдап, катышалы деп жатабыз”.

Ал эми аталган таймашта баш байгени Нарын облусунан барган дагы бир топ, 1-орунду Ош облусу,  2-орунду Нарын облусунан «Улуу Баян» тобу жана Бишкек шаары алды.

Таймашка катышып келген топтун мүчөсү Айканыш Адил кызы:

IMG_20150519_134855

“Республикалык денгээлдеги сынактан 2-орунду алгандыгыбыз үчүн  сыймыктанып, сүйүнүп жатабыз. Таймашта биз башка облустан кыздар,  балдар менен таанышып, достошуп алдык. “Манас таануу” сынагынын  максаты да облустарды бири-бирине жакындатып, достоштуруу экен. Мен ушундай  сынакка катышканыма кубанычтамын”, — дейт.

???????????????????????????????

Бул жетишкендик жалпы облус, район, мектеп үчүн чоң сыймык болду.  Мектеп жамааты да өзгөчө сыймык менен тосуп алды. Аталган мектептин  директору Арзыгүл Шеримбекова “Улуу баян” тобун тосуп алуу иш-чарасында  аталган топко ыраазычылык билдирип, келечекте дагы башка тармактар  боюнча да жетишкендиктерге жетишишин каалап өттү. Бул жеңиштин артынан  дагы да жакшылыктар келишине тилектешпиз.

Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка

Маалыматты  даярдаган: Найзабек Мукамбет уулу, Нурсултан  Асанбеков