“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкунда алтын күз

18 Октябрь 2015 жыл 14:44
Көрүүлөрдүн саны: 175

UAltynKuz (9)

Нарын районунун Учкун айылында күз келип, айыл сары түскө боёло баштады. Бул мезгилде тургундар жайлоодон келип, эгин талааларында жыйым-терим менен алектенишет. Учкундуктарга күз мезгили кандай мааниге ээ экенин билүү үчүн суроо узаттык.

UAltynKuz (7)

 

UAltynKuz (3)

Жумакан Жакыпова, үй кожойкеси.

“Элдер түшүмүн жыйнап алышты. Буудайлар жакшы эле болду. Күз деген — бул береке. Күздө эл түшүмүн жыйнап алышат. Ар кандай тойлор болот. Элде тынччылык. Шайлоо да тынч өттү. Былтыр күз бир аз суук болгон. Быйыл жылуураак болду. Бул убакка чейин былтыр от жагып калчубуз”.

UAltynKuz (6)

 

UAltynKuz (4)

Адилет Кутбидинов, студент.

“Койлор жайлоодон октябрдын башында келе баштады. Мал, кудайга шүгүр, жакшы эле келди. Чөп жакшы чыкты, жаан-чачын жакшы болду. Койлор 30 сомдон багылды. Уйлар 200 сомдон, букалар болсо 300 сомдон багылды. Кайра кыштоого ноябрда кетип февралда келе башташат. Мага күз менен кыш мезгили жагат. Анткени бул убакта аба таза болот”.

UAltynKuz (5)

Нурзат Солпуева, ашпозчу:

UAltynKuz (8)

“Биз айылда мал чарбачылыгы менен алектенебиз. Былтыркыга караганда жемиштер, түшүм мол болду. Бул мезгил мага бышыкчылыгы менен жагат. Быйыл мал абдан семиз, жакшы түштү. Былтыр арык болгон. Быйыл чөп жакшы. Жайлоого майдын аягы чыксак, сентябрдын аягына чейин болобуз. Тоодо кыйынчылык жаан-чачын жааганда болот, карышкыр жана чөөлөр көп болот, ошонусу менен жаман. Жыргалы болсо, мал багып, эмгектенип, анын арты менен акча табасың. Эт, май, сүт, курут – берекенин баары тоодо болот. Ошондуктан малдын азабы да, жыргалы да болот”.

UAltynKuz (1)

Бактыгүл Султаналиева, үй кожойкеси:

UAltynKuz (2)

“Мага күз мезгили жалбырактардын саргайганы, түшүмдүн мол болгону менен жагат. Жаз жарыш болот, күз күрөш болот. Быйыл түшүм жакшы болду. Күздүн күнү аба-ырайы аябай жакшы болууда. Күз мен үчүн өзүнчө эле жакшы бир майрам. Быйылкы күз мага жакты — түшүмүбүз жакшы болду, үй-бүлөбүз, балдарыбыз оорубады”.

Даярдаган: Жанара Асанкул кызы

Сынак үчүн