“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкун: “Мекеним Кыргызстан” сүрөт сынагында бүтүрүүчү класс башкы орунду алды

17 Ноябрь 2015 жыл 13:26
Көрүүлөрдүн саны: 131

 

???????????????????????????????

Быйылкы окуу жылдын башталышында Токсобаев орто мектебине көрк берүү үчүн жана окуучулардын талантын ачуу максатында “Мекеним Кыргызстан” сүрөт сынагы уюштурулду. Сынак үчүн сүрөттөр мектептин короосундагы дубалга тартылды.

IMG_8984

 

 

Сынакка 9-10-11 класстардан экиден, жалпысынан алты команда катышты. Сүрөттөрдүн арасынан өзгөчөлөнүп 11-а классынын эмгеги башкы орунга татыды.

Анда оң жакта көп кабаттуу имарат, ортодо жол, анын боюнда отургуч. Отургучта болсо жигитин күтүп турган кыз сүрөттөлгөн.

???????????????????????????????

Жеңүүчү сүрөттүн автору Алина Качкын кызы сынак учурунда бир топ кыйынчылыктар болгонун айтты.

“Бул сүрөттү тартууда бизге күн чагылышып, тоскоолдук жаратып турду. Мага классташтарым Темирлан менен Марат жардам берип жатты. Боёк түгөнүп калып, башка класстардан суроого туура келип калды. Белгиленген мөөнөттө тартып бүттүк”, — деп айтты Качкын кызы.

IMG_8982

Токсобаев орто мектебинин тарбия иштери боюнча директордун орун басары Мурат Сыдыков искусство жана маданиятка болгон окуучулардын көз карашын өзгөртүү максатында ар бир класска тапшырмалар берилгенин билдирди.

“Окуучулар Кыргызстанды кандай элестетээрин, жаратылышты, кооз жерлерди чагылдырып, жыйынтыгында 11-класстын окуучулары 1-орунду, 10-класстар 2-орунду, 9-класстар 3-орундарга ээ болушту”, — деп билдирди Сыдыков.

???????????????????????????????

Сынак башталганда эле Алинанын сүрөтү башкы байгеге илинээри байкалганын айтышат сынактын катышуучулары.

IMG_8974

Бирок жеңип алган сүрөт бардык окуучуларга жага берген жок. Мектеп окуучуларынын бири  жолдо жүрүп бараткан унаанын өтө кичинекей тартылып калганын жана кыздын сүрөтү өтө эле чындыктан алыс тартылып калганын айтат.

Даярдагандар: Айдай Темирбекова, Дилбара Орозкожо кызы

Сынак үчүн