“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Ар күнүн кыргызча өткөргүсү келген америкалык ыктыярчы

18 Ноябрь 2015 жыл 10:07
Көрүүлөрдүн саны: 97

Uchkun_AKSHVolonter (1)

Нарын районунун Учкун айылына Америкадан ыкытярчы келгенине бир жыл болду. «Мен кыргызча жашашым керек» деген Дениел Гроссо өзүнүн бир күндүк жашоосун айтып берди.

Uchkun_AKSHVolonter (12)

— Апта ичинде кандай жумуштар менен алексиз? Биз менен бөлүшө кетсеңиз!

— Негизи биринчи күндөн бешинчи күнгө чейин Наргиза эже, Элизат эже менен сабак өтөм. Бир жумада 12 саат сабагым бар. Андан башка 4 саат кружогум бар. Кружоко келген балдар аябай жакшы окушат. Кыргыз үй-бүлө менен жашайм, ошондуктан эртең мененки, түшкү, кечки тамакты үй-бүлөм менен тамактанам, анан ошол үчүн кыргызча аябай жакшы үйрөнүп калдым. Анткени кыргыз үй-бүлө менен жашап жатам.

Uchkun_AKSHVolonter (4)

— Кыргызча үйрөнүү оор бекен же жеңилби?

— Ар кандай, оор экен, анткени англис тилинде тамгалар, тыбыштар башка, бирок кыргызча орусчага караганда оңой деп ойлойм.

Uchkun_AKSHVolonter (10)

— Жаңы келгендей кандай элеңиз, азыр кандай өзгөрдүңүз?

— Биринчи Кыргызстанга келгенде сабырдуулук менде жок болчу, азыр аябай сабырдуулукту үйрөнүп калдым, анткени кыргызда убакыт баалуу эмес, америкада убакыт деген акча, эгерде биз беште десек беште келебиз, бирок кыргызда азыр деген анан, бүгүн деген эртең, ошондуктан сабырдуулукту үйрөнүп калдым. Андан башка жайлоого баргам, беш-бармак жегем, кыргызстанга келээрдин алдында эч качан кымыз ичип, беш бармак жеп, айт-майрамга катышып көргөн эмесмин.

Uchkun_AKSHVolonter (13)

— Алгач келгенде кандай өзгөчөлөрдү байкадыныз?

— Баары өзгөчө болду. Тил өзгөчө, тамак-аш өзгөчө болгон. Кыргызстанга келээрде мен иштеген Тынчтык корпусу уюму Кыргызстан жөнүндө айтканда бул эмне деген суроо бергем, себеби Кыргызстан жөнүндө билчү эмесмин. Азыр аябай жакшы билип калдым. Кыргызстан аябай кооз экен, кыргыздын эли меймандос, жакшы экен. Салттарды үйрөндүм, кыргызча үйлөнүү тоюна катыштым, айт-майрамга, нооруз майрамга катышкам. Биринчи келгенде аябай башкача деп ойлоп жаткам.

Uchkun_AKSHVolonter (3)

— Окуучуларыңыз менен кандай иштешип жатасыз?

— Окуучулар аябай аракет кылышат. Жакшы окушат. Ар кандай кыргызда мындай макал бар: «Беш кол тең эмес». Кээ бир окуучулар жакшы окушат, кээ бирөө анча эмес. Бирок жакшы окуган окуучуларга абдан ыраазымын.

Uchkun_AKSHVolonter (2)

— Бир күндүк жашооңуз кандай өтөт?

— Мисалы бүгүн мен 6 жарымда турдум, үй-бүлөм менен тамактандым, анан сабака бардым, бүгүн Элизат менен сабак өттүм. 3-класстарга тамга өттүм анан 8-класстарга башка тема өттүм. Андан кийин менин үйүмө келем, түштө тамак жейбиз,анан менин өзүмдүн бөлмөмдө калам, анткени мүмкүн интернетте отурам же компьютер ойнойм, же компьютерде иштейм. Анткени Элизат менен жаңы англис тилдинде  китептерди издейм, сактайм, ошондуктан иштешим керек. Анан кечки тамак үй-бүлөм менен жейм, анан жатам. Мисалы мен кыргыздардай жашашым керек. Кыргыздардын күнүмдүк жашоосу кандай болсо меники да ошондой.

Uchkun_AKSHVolonter (7)

— Ийгиликке жетиш үчүн эмне кылыш керек, окуучуларыңызга кандай кеңеш бере аласыз?

— Аябай жакшы аракет кылышыңар керек.Эгерде көп ката кылсаңар жакшы болмок, анткени биринчи ката кылышыңар керек, андан кийин кичине кичинеден жакшы болосуңар, мисалы мен Кыргызстанга келгенде эч качан кыргызча сүйлөгөн жокмун, анан биринчи сүйлөгөндө көп ката айттым. Анан дагы деле ката айтып атам, бул интервьюда сөзсүз ката айттым билем, бирок дагы деле интервью берип жатам. Анткени аракет кылып атам. Анан окуучулар бир жолу, эки жолу, жүз жолу аракет кылышыңар керек. Окуу, окуу жана окуу.

Uchkun_AKSHVolonter (9)

 

— Качан келишим бүтүп, Америкага кетесиз?

— Азырынча меники виза 31-декабрга чейин болот, бирок буюрса декабрда Тынчтык корпусу мамлекеттен виза сурайт жана бизге жиберет, буюрса эмки жайга чейин жашайм, июнда кетем.

— Америкага барганда Кыргызстанды 4-5 сөз менен сүрөттөп берчи десе кайсы сөздөр менен сүрөттөйт элеңиз?

— Татаал суроо, аябай оор суроо экен. Туура сурадыңыз. Кыргызстан аябай кызыктуу, өздөрүңдүн көздөрүң менен көрүшүң керек деп бар, кет аяка демекмин.

Uchkun_AKSHVolonter (8)

 

— Кыргызстанда жашаган ыңгайлуубу же Америкадабы?

— Бул жерге жашаганга көнүп калдым. Бирок Америкада жашаган жакшыраак, анткени мен үй-бүлөм ошол жакта, англис тили менин тилим, кичинекей бала кезден үйрөндүм. Мисалы: Америкада көп шарттар бар, ал эми Кыргызстанда аз шарттар бар. Бирок Кыргызстанда сенин үй-бүлөң жашайт, жүрөгүбүз ошол жер деп согот.

Uchkun_AKSHVolonter (11)

 

— Азыркы убакка чейин бул жакта кандай кызыктуу күндөр өттү?

— Ооба мисалы айт-майрамда көп үйлөргө айттадым. Анан ар бир үйдө чай ичип, эт жегенбиз аябай кызыктуу күн болду, майрам болду. Анан күндө кызыктуу, анткени мисалы биринчи коңгуроого катыштым анан тос айтышым керек болчу, ошо кезде кыргызча жаманыраак билчүмүн.

Uchkun_AKSHVolonter (5)

— Кыргызча үйрөнүп жатасыз кыргызча ырларды угуп жатасызбы?

— Ооба, ооба албетте мен кара жорго уккам, бирок башка да ыр уккам, аябай жакшы экен азырынча орусча үйрөнгөнгө орусча ыр угам. Аябай жардам берет.

IMG_7382

 

— Анда кыргызча ырдыап бербейсизби?

— кичине ыр билем, Бозонун өңү боз болот, бозону ичкен мас болот.

Анан дагы кээ бир сөздөрдү жаттадым: Мен дүйнөнү апам менен тааныгам, Апамдын колдорунан??? Унутуп калдым.

— Кызыктуу маегиңизге чоң рахмат!!!

 

Авторлор: Айканыш Адил кызы, Элина Асанакунова, Алмаз Эшбаев.  Сынак үчүн