Кыргыздын улуттук оюндарынын бири улак тартыш оюну Учкунда 2-3 жылдан бери ойнолбой калган эле. Буга кайдыгер карабаган айылдык жаштар улак тартыш оюнун кайрадан жандандыра баштады.
Кезектеги өтүп жаткан улак тартыш оюнун айылдын 28 жаштагы балдардан турган топ уюштурду. Бул мелдешти уюштуруу укугун алар 11-октябрда башкы орунду алуу менен өздөрүнө өткөрүп алышкан.
Оюндун катышуучусу Манас Ниязбеков мелдеш улакчылардын тажрыйбасын жогорулатууга мүмкүнчүлүк берээрин айтат.
“Оюн мен ойлогондон дагы жогорку деңгээлде өтүп жатат. Мындай деңгээлдеги оюндар оюнчуларыбыздын тажрыйбасын мындан дагы ашырат”, — деп белгиледи Ниязбеков.
Улак тартышты көргөнү келген Азиз Таалайбеков, мелдеш оюнчуларга эле эмес, мага дагы ырахат тартуулоодо, дейт.
Оюнга жети команда катышып, 20 жаштагы балдардан турган топ жеңип алды. Эми алар өз улак тартыш оюндарын 25-октябрда өткөрмөкчү.
Оюндун жалпы байге фонду биринчи оюнда болгондой эле алты миң сомду түздү. 1-орун 3000 сом, 2-орунга 2000, ал эми 3-орунга 1000 сом утуп алды.
Учкунда алгачкы улак тартыш оюну 11-октябрда башталган. Аны айылдын 24 жаштагы балдары демилгелеп уюштурган. Ошол оюндун жалпы байге фонду уюштуруучулардын өз чөнтөгүнөн чыгарылып, 6000 сомду түзгөн.
Нурсултан Асанбеков бул оюнду демилгелегендердин бири. Ал бизге берген маегинде, улак тартышты уюштурганын максаты тууралуу төмөнкүчө баяндады.
“Бул оюнду уюштуруу максаты кыргыз оюндарын даңазалоо жана айылыбыздагы унутулуп бара жаткан улак тартыш оюнун элибизге жайылтуу”, — деди Асанбеков.
Даярдаган: Алмаз Эшбаев