“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкундагы тигүү цехи кыз-келиндерди жумуш менен камсыздоодо

18 Ноябрь 2015 жыл 14:08
Көрүүлөрдүн саны: 93

Uchkun_Tseh (2)

 

Нарын районунун Учкун айылында «Дастан» тигүү цехинин ачылганына беш жыл болду. Учурда бул мекеме беш аялды жумуш менен камсыздайт.

Uchkun_Tseh (3)

 

Тигүү цехи Учкун айылынын тургундарынын ар кандай буйрутмаларын жасайт. Мисалы, балдар жана кыздарга майрамдык костюмдарды, улуттук кийимдерден тарта жан-жаныбарлардын формаларына чейин ар башка кийимдери тигишет.

Uchkun_Tseh (5)

 

Учурда «Дастан» тигүү цехинин жетекчиси Салтанат Абдумамбетова. Буга чейин мекемени айыл тургуну Өмүркүл Оторбаева негиздегенин билдирди ал.

Азыр тигүү цехи толугу менен техникалык жактан жабдылганын айтып, мурункуга караганда жумуш жеңилдегенин кошумчалады. Мурда баарын алар кол менен жасаганын айтат.

Uchkun_Tseh (7)

«Азыр баары электр энергиясы менен иштейт. Станоктун жардамы менен көптөгөн кыйынчылыктардан айрылдык. Мурун бутка тептирчүбүз. Азыр станок тебет. Буюрса мурункуга караганда көп эле жеңилдедик», — деди цехтин жетекчиси Абдумамбетова.

Uchkun_Tseh (4)

Цехте бары биригип жети киши эмгектенет. Алардын беши аялдар.

«Беш аялды жумуш менен камсыз кылабыз. Бир эле эркек киши иштейт, ал менин жолдошум. Техникаларды оңдоо анын жумушу. Жумушчу аялдарга айлык маянасы заказга жараша төлөнөт. Акчасы аз болсо да жоктон көрө жогору болот. Буюрса цехтен канатандыраарлык эле пайда түшөт», — деп токтолду цех жетекчиси.

Uchkun_Tseh (6)

 

Андан сырткары бул тигүү цехи буйрутма менен сеп даярдайт.

«Кездемелерди өзүбүз сатып алып, баасына жараша жасайбыз. Жасагандарыбыз элдин көңүлүнө жагат жана алар рахматын айтышып ыраазы болушат», — деди ал.

Ден-соолукка бир топ эле зыяны бар, бирок  жашоо үчүн тажабайбыз да, деп ыңгайсыздыктар тууралуу белгилеп кетти цех жетекчиси.

Uchkun_Tseh (8)

«Дастандын» дагы бир кызматкери Майраш Бейшеналиева мезгилге жараша иштээрин, жумуш токтоп калганда үйдөн байпак, кол кап токуу менен алектенээрин айтты.

«Жай, күз айларында заказ көп болот. Күн сууктай баштаганына байланыштуу жумуш убактылуу токтотулду», — дейт Бейшеналиева.

Uchkun_Tseh (9)

Айыл башчы ишкерлерге түздөн-түз барып жардам көрсөтө албаганына байланыштуу болгону донорлорду табууда, долбоор жазууда ишкерлерге колдоо көрсөтөөрүн айтат катчы Таалайбекова.

Буюрса мындан дагы көп ишканалар ачылса, айыл тургундары жумуш орду менен камсыз болот эле.

Даярдагандар: Жанара Асанкул кызы, Бегимай Бекмурат кызы

Сынак үчүн