“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкун айылынын бала кезинен бери устачылык менен алектенген тургуну

20 Ноябрь 2015 жыл 20:45
Көрүүлөрдүн саны: 86

???????????????????????????????

Учкун айылынын тургуну Чапай Оморов 20 жылдан бери жыгач устачылыгы менен алектенет. Ал өзүнүн устаканасын 10 жыл мурун куруп, дагы деле элге керектүү буюмдарды жазап келет. Ал келечекте устакананы чоңойтуп, балдарга үйрөтүү максатын да көздөйт.

???????????????????????????????

Айылдагы тургундар жыгач материалдардан жазалчу буюмдарды Чапай Оморовго жазатып келет. Ал үй буюмдарынан тартып, эшик, терезе жада калса бешиктен өйдө жазап, заманбап буюмдарды да жазоого ашыгат.

???????????????????????????????

Бул өнөр атасы Белектен калган. Устачылык менен байкеси Субан да алектенээрин белгилейт.

“Бул өнөр менин атам Белектен калган. Атамдын өнөрүн уланткан байкем Субан да бар. Мен бул өнөр менен 20 жылдан бери алектенем. Устаканамды 10 жыл мурун ачып, ошол кезден бери элге керектүү буюмдарды жазап келе жатам. Жазап жатканда баарын кылдаттык менен жазоого аракет кылам”, — дейт ал.

???????????????????????????????

Анын жазаган эмгектерине тургундар да ыраазы. Чапай Оморов өз эмгеги менен устакана ачып, өз үйүндөгү эшик, терезе, буюмдарды өзү эле жазап алганын айтат коңшусу Эмил Баялиев.

???????????????????????????????

“Чапай абдан эмгекчил бала жана абдан ыймандуу, мечитке да барып турат. Ушул үйдү салгандан бери өзүнүн үйүндөгү эшик, терезе, буюмдарды өзү эле жазап алат. Бизден да жардамын аябайт”, — дейт Эмил Баялиев.

???????????????????????????????

 

Уста бир эшикти бир күндө, ал эми бешиктерди бир жарым күндө даярдайт. Андан тышкары тамдын чатырларын чатырлап, комуздарды оңдоп, жыгач тосмолорду жазайт. Ал ишин жакшы көрөөрүн,  алгач жазап баштаганда каталарды кетиргенин белгилейт.

???????????????????????????????

“Мен өзүмдүн ишимди жакшы көрөм, жаңы нерселерди ойлоп табууга кызыгам. Алгач устачылык менен алектенип баштаганымда биртоп каталарды кетиргем, азыр болсо такшалып калдым. Эл менин жазаганыма ыраазы болот болуш керек”, — дейт ал.

???????????????????????????????

Ал эми дагы бир коңшусу Таалайкүл Бердибаева анын жазаган ишине нааразы болуп, көптөн бери эч нерсе жазатпай калганын айтат.

???????????????????????????????

“Кошунама мен мындан 2-3 жыл мурда эшик, терезе жазаткам. Ал жазаткан ишине көп акча талап кылып, начар да жазап койгон. Ошондон бери ага эч нерсе жазатпайм. Коңшулар деле көп жазатпайт. Көбүнчө башка айылдардан келип жазатып кетишет”, -дет Таалайкүл Бердибаева.

Даярдагандар: Найзабек Мукамбет уулу,  Жанара Асанкул кызы

Сынак үчүн