Нарын районуна караштуу Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинин окуучулары ар бир класстык бөлмөлөрдү кооздошту. Класстын кооздоонун негизги максаты окуучулардын окууга болгон шыгын, кол өнөрчүлүк чеберчилигин арттыруу болгон.
Класстык бөлмөлөрдү кооздоого 8-9-10-11- класстын окуусулары катышкан. «Эң негизги максаты, башка мектептерден өзгөчөлөнүп, окуучулардын шыгын, кол өнөргө болгон чеберчилигин арттыруу» дешет мектеп окуучулары.
«Биз класстарды кооздоп жатабыз. Ар бир класста ар башкача өзгөчөлүктөр бар. Биздин класс көбүнчө кар бүртүкчөлөр менен кооздолду. Бул жалпы окуучулардын окууга болгон шыгын, эмгекке болгон чеберчилигин арттырууда,»- деп билдирди окуучулардын оюна толугу менен кошулган Айканыш Адил кызы.
Класстык бөлмөлөрдү кооздоону алгач 11 — класстын окуучулары баштаган. Андан кийин башка класстар да бөлмөлөрдү кооздошконун айтат мектеп мугалимдери.
«Мугалимдер сабак өтүп жүргөндө алгач 11 — класстын бөлмөсү кооздолгон. Андан кийин башка класстар кооздошту. Бул жакка бөлөк мектептен келген мугалимдер окуучулардн эмгегин баалап, каалоолорун айтып жатышат,» — дейт физика мугалими, окуу бөлүмүнн башчысы Назира Касымбекова.
Аталган идеяны ойлоп тапкан 11 — класстын окуучулары мектепти бүтүп жатканына байланыштуу ар бир күндү өзгөчө өткөрөлү деп кооздогондорун билдиришти.
«Быйыл биз 11 — классты жакшы бүтүрүп, төмөнкү класстарга үлгү бололу деп жатабыз. Классты кооздогонубуз да ошол себептен. Дагы алдыда жазала турган көп пландар бар», — дейт бүтүрүүчу класстын окуучусу Алина Качкын кызы.
Айрым класстын окуучулары дубалга кар кишиден өйдө чаптап, досканын чекелерине түрдүү кооздуктарды тагышкан.
Бирок айрым мугалимдер класстардын кооздолгонуна каршы. Себеби, айрым окуучулар кооздук үчүн чапталып коюлган кар бүртүкчөлөрдү үйлөп, шариктерди чапкылап ойноп, сабактан алаксып калышат.
Найзабек Мукамбет уулу.