“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкунда грек-ринг күрөшү боюнча райондук мелдеш өттү

15 Февраль 2016 жыл 23:08
Көрүүлөрдүн саны: 65

Нарын районуна караштуу Учкун айылында 14- февраль күнү мелдеш болду ага 11 айылдан жана шаарлардан 170 бала келди. Мелдешке район жана айылдардан жаш машыгуучулар катышты.

DSC00082

Нарын райондук  мелдешке  Учкун, Куланак, Жамбулак,  Оттук,  Дөбөлү, Нарын, Ири-Суу, Орто Нура, Кара чий, Калилинден келишти.  Уюштуруучулар Токсобаев мектебинин мугалим жана директорлору.

Жумадил Абдылдаев: » Мелдешти мен өткөрүп жатам уюштуруунун ичинде баарыбыз барбыз.  Уюштуруунун максаты балдардын арасындагы күчтүүлөдү аныктоо терс жолдорго барбай спорт менен машыгып жакшы жолго тарбиялоо. Бизде күрөшүүчү маттар жок болгондуктан  Куланактан алып келдик.  Бизде мат бар бирок жетишсиз . Нарын шаарында жакында «Маскартинка» аттуу чоң мелдеш болот.  Шаарда Ушул мелдештердин артында тандама тур өткөрөбүз. Грек-риңг күрөшүнө тандалма балдар келет»,- деди уюштуруучу Жумадил Абдылдаев.

Каныбек Бошумбеков: «Учкун айылында  календарлык план боюнча мелдеш өтүп жатат. Райондун биринчилигинен 16 команда келди.  Нарын жергесинде май айында мелдеш өтөт ошого курама команда даярдап жатабыз жеңүүчүгө граммота, дипломдор  берилет эгер чоң мелдеш болсо медаль байге коймокпуз райондун биринчилигинен граммота менен эле чектелебиз»,- деди Нарын мамлекетик спорт мекемесинин башчысы.

Курөш биринчи айлампадан үчүнчү айлампага чейин болду. Беш калыстар тобу келди алардын ичинен Нарын районунун Мамакеев спорт мектебинен Айтмайрек Көлбаев топ мүчөсү болду. Анын айтымында эч кандай тартип бузуулар болгон жок. Акырында   жыйынтык чыгып  эрежеси менен күрөшкөндөр жеңишке жетишти.

Мелдеш башталганда эле спорт залдын ичи толуп күйөрмандар көп болуп залга батпай калышты. Алардын ичиндеги күйөрман Жайлообек Токтосунов мелдештин жүрүшүн төмөнкүчө баяндап өттү.

«Балдардын баарын ынтымакка чакырып биз да көрүп, кубанып кол чаап сүйүнүп жатабыз  Мага бул мелдеш жеңиши менен жакты . Мындай мелдештер көп өткөрүлүшүн каалайм. Учкунда мындай мелдештер аз өткөрүлүп жатат мага ушунусу жакпайт. Судья туура эмес баа берип башка жактагыларга тартып коюп жатты,  мага ушунусу жаккан жок»,- деп терс жагын да белгилеп өттү Жайлообек Токтосунов.

Мелдеш тогуз саат болду аягында жеңичүүлөргө дипломдор, граммоталар берилди. Бирок айыл тургундарынын айтымында жеңүүчүлөргө  байге берилбегени жакпады.

Даярдаган: Жанара Баялиева

Смартфон үчүн