Учкун айылында алгебра, информатика, тарых сабактары боюнча эстофета өткөрүлдү. Эстофетага төрт айылдан он мугалим катышты.
Семинарга келгендерди гимн менен окуучу жана мугалимдер тосуп алышты, кийин мектеп боюнча саякат кылып, кабинеттер менен таанышып. Андан соң ачык сабактарга катышышты.
«Максаты тарых боюнча улуу «Үркүндүн 100 жылдыгына» карата быйылкы тарых жана маданият жылына карата кыргыздардын улуттук боштондук көтөрлүштөрүн коомчулукка жеткирүү боюнча иш-чараларды өтүү болуп эсептелет. Андан сырткары алгебра жана информатика сабактары боюнча ой жүгүртүү көнүүгүлөрүн өстүрүү, усулдук аймактардан иш-тажрыйбаларын алмаштыруу болуп эсептелет. Регламенттер толук өз максатына жетти . Семинарга бир жума даярдандык кулактандыруу жиберилип баары келишти»,-деп белгилеп өттү Мурат Сдыков.
Математика мугалими Асанбекова Айпери өрөөндөрдөн келген мугалимдерине сабак өтүп берди. «Өрөөндөгү мугалимдерге иш-тажыйрбабысты алмашып чакан предметтик иш-чаралар ачык сабактарды өттүк. Биздин эмгегибизди ошол катышкан адамдар баалайт го деп ойлойм. Бул семинарды «эстофета» деп атадык жалпы жонунан семинар бирок эстофетанын ачылышы катары башкаларга деле өткөрүп берген жокпуз эми райондук семинар өтсөкпү деп ойлоп жатам»,- дейт Айпери Асанбекова.
Семинардын жүрүшү жакшы болду го деп ойлоп жатам. Ушунча кишини семинарга чакырыш деле оор болду. » Атом усулдук аймагы» былтыр эң мыкты усулдук аймак наминациясын жеңип алганбыз, дагы бир чети ошону көрсөтөлү дедик мугалимдердин дагы жакшынакай жерин көрмөтөлү дедик. Өзүбүз демилге көтөдүк демилгебиздин аягына чыгып ушул семинарды өттүк»- деди семинардын уюштуруучусу Анара Мамырканова.
Максүтова Сүйүмкан Жусупова орто мектебинен семинарга катышуу үчүн келген. Анын айтымында окуучулардын слайд менен иштегени абдан жакканын жана эстофетанын жүрүшүн айтып өттү жана слайд менен ар кандай видео роликтер көрсөтүлдү.
«Миң уккандан бир көргөн артык демекчи слайд менен бир көрүп эле мээбизге баарын сактап алдык. Бир көргөндө эле окуучу билип калат да кечке айта берсең баары бир болуп калат. Жакпаган жери мен ойлоп калдып математик информатиктер ачык сабак деле өтүп койсо болмок супсак болуп калыптыр»,- деп биз менен оюн бөлүштү.
Окуучулардын айтымында жакпаган жери пландаштырылбаптыр, даярдалган дебаттар, коюла турган ценкалар коюлбай калыптыр жана чаржайыт.
Даярдаган: Жанара Баялиева
Смартфон сынагы үчүн