“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Айылдагы ыңгайы жок маданият үйү

25 Февраль 2016 жыл 23:17
Көрүүлөрдүн саны: 81

  DSC00320

Нарын районуна караштуу Учкун айылында «Чоро Кожомжаров» атындагы маданият үйү союз убагында тургузулуп, учурда ар кандай маданияттык кечелерди уюштурууга эч кандай ыңгайы жок.

Маданият үйү 1970- жылы тургузулган. Акыркы жолу АРИС программасы тарабынан 2003-жылы оңдоп түзөөдөн өткөрүлгөн.

20-февралда жаңы тасмаларды элге жеткирүү үчүн атайын уюмдар келип  “ Доктор Айболот” тасмасын тургундарга тартуулашкан. Биз келген меймандардан маданият үйүнүн шарттары тууралуу сурамжылоо жүргүзгөнбүз алардын бири Бакыт Болотакунов: “ Ичи абдан суук, эгер кандайдыр бир концерттер болсо кыйынчылыктарга кармалат. Бирок эл маданий массадагы кечелерге, сармердан сыяктуу иш-чараларга суусап тургандыгы көрүнүп турат. Мындай элге шарт түзүп бериш керек”,-деди ал.

DSC00356

Биз айыл тургундарынан маданият үйүнүн шарттарына кандай баа бересиз? Деген суроону  узаткан учурубузда  айыл өкмөткө бул туурасында элдин кайрылуулары көп болду.

“Маданият  үйдүн келечеги элдин,  маданияттын келечеги эгер маданият үйүбүз жаңыланбаса эл маданият тарабынан аксап калат, ошондуктан бизге шарттарды түзүп бериши керек да. Эртерээк оңдоп беришсе жакшы болмок. Азыр концерттерди да коюп келгенден  зарканышат”,- деп өз оюн билдирип кетти Балбакова Жумабүбү.

Маданият үйү болжол менен 1970 жылы тургузулган. Акыркы жолу 2003-жылы оңдоп түзөөдөн өткөрүлгөн .

“Быйыл маданият үйүбүз оңдолот. Анткени каражат бөлүнүп берилет. Айыл өкмөттүн бюджетине бекиткенде бул маселени көтөрдүк. Акча каражаты бөлүнүп берилмей болду. Бюджеттин тартыштыгынан улам азыраак бөлүп берет. Бюджеттин жарымы былтыркы жылдын калганынан, ал эми жарым пайызы  быйылкы жылдын эсебинен болмокчу. Эгер эртерээк бөлүнүп берилсе жаздын алды менен оңдоолор башталат бул бөлүнө турчу каражат ичи тышын оңдогонго эле жетет,  ал эми эмерек жана башкаларга жетпейт”,- деди айыл башчы Максат Кулмамбетов.

Маданият үйү болжол менен 1970 жылы тургузулган. Акыркы жолу 2003-жылы оңдоп түзөөдөн өткөрүлгөн .

Маданият үйүнүн башчысы Мирлан Дүйшөкеев: ”Азыр элдердин маданият тармагына кызыгуусу өсүп жатат. Ошого карата 23—февралда маданий массадагы жергиликтүү таланттар менен концерт коелу дегенбиз. Бирок маданият үйдүн сууктугунан, сахнабыздын тардыгынан ал планыбыз ишке ашпай калды. Аны 8-мартка жылдырдык»,- дейт маданият үйдүн башчысы.

Даярдаган: Майрам Төрөгелди кызы, Жанара Баялиева.

Сынак үчүн