“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

» Жаш-таланттар 2016″ фестивалы Жан-Булак айылында болуп өттү

27 Февраль 2016 жыл 0:15
Көрүүлөрдүн саны: 91

 

IMG_0076

Нарын районуна караштуу Жан-Булак айылында “Жаш таланттар2016” фестивалы 25-февралда болду. Фестивалга беш айыл катышып, ар бир айылдан отузга жакын окуучулар келишти.

Окуучулар келген айылдарды тосуп алышып, ар бир мектепке өзүнчө даярдалган кабинеттерге киргизишти. Андан соң фестиваль башталып, таланттуулар өз өнөрлөрүн көрсөтүп жатышты.IMG_0018

Жан-Булак айылынын мектеп директору Майрамкүл Мусаева фестивалдын жүрүшүн төмөнкүчө баяндап өттү: “Жанрлардын бардыгы толук болбосо дагы ортодон жогору деңгээлде болду окшойт. Бий жагынан бардык мектеп жакшы даярдыкта келишиптир. Буюрса ушул ишибизди окуучулар актайт деген ойдомун”,- деди Майрамкүл Мусаева.

IMG_0108

Андан соң Жан-Булактын окуучулары даярдаган дасторконунан даам сыздык, бий акыркы жанр болгондуктан аны башка бөлмөгө кирип көрдүк.

Мектеп окуучулары фестивалдын жакпаган жерлерин да айтып өтүштү.  Бактыгүл Жусубалиева Жан-Булак орто мектебинин окуучусу: “Аябай жакшы деңгээлде болуп жатат деп ойлойм негизи баары жакшы даярданыптыр. Баары эле жакты бирок кол өнөрчүлүк, дастан айтуу, кол аспапта ойноо ушулар азыраак болду десем болот «,-дейт ал.

IMG_0109

Калыстар тобунун мүчөсү Турдубай Кыдыров: “Ушул жумада биздин Нарын районунун мектептеринде жаш-таланттар2016 фестивалынын жумалыгы өтүп жатат 24-февралда Эчки-Башы айылында болгон. Буга беш мектеп катышып жатат жобо боюнча 11 жанр боюнча өнөрлөрүн көрсөтүшүп өзулөрүн күчүн сынашты. Бүгүн комузчулар, кол өнөрчүлөр, айкелчилердин таланттарын көрдүк,  былтыркыларга салыштырмалуу өрөндө кичине жылыштар бар экен . Кээ бир кемчиликтер болду балдарды даярдабай келишкен ошентсе да өрөөндүк фестиваль жакшы болду»,-деди Турдубай Кыдыров.

IMG_0030

Достук айылынын окуучусу Сыймык Ишенбай уулуна  жакпаган нерсе жок болгондугун айтты. Ага көбүнчө тамак бергени, тамактарынын жакшы жасалганын жана баары тартипти сактаганы жаккан.

Даярдаган: Майрам Төрөгелди кызы, Жанара Баялиева

Сынак үчүн