Учкунда kloop медиадан окуп келген окуучубуз алган билимдерин бизге үйрөтүү максатында 26-27 -февралда тренинг өттү. Тренингге жалпысынан 36 окуучу катышты, аларды эки күнгө бөлүп өттү. Бул тренигден окуучулар онлайн журналистика, радио, видео жана сүрөт баян боюнча сабак алышты.
Окуучуларга атайын даярдалган программа менен сабак өтүлдү. Бардыгы активдүү катышышты. Тренингде слайд менен көп нерселер көрсөтүлдү.
Тренер Жанара Баялиева: » Мен окуучуларга сабагымды жакшы эле өттүм деген ойдомун. Биз жаңы окуучуларды алдык алар 7-8-класстар. Окуучулар менен биргеликте атайын иш күнүбүздү белгилеп алдык, ошол күн боюнча жаңылык чыгарып, иш алып барабыз. Окуучуларымдын kloopко барышына жардам берип турам, алар да мендей болот деген ишеничтемин»,- деди Жанара.
Сабакта окуучулар сүрөткө тартканды, диктофон менен иштегенди үйрөнүшү. Бакытбек уулу Эрнисттин айтымында: «Тренинг абдан кызыктуу болду, мага өзгөчө оюн ойноткону жана сабакты көңүлдүү өткөнү жакты»,- дейт ал.
Окуучулар радиого чыгаар алдындагы тилиди жатыктыруучу ар кандай жаңылмачтар, оор сөздөрдү окуп кайталашты.
Сабак бүткөндөн кийин окуучуларга темалар берилип практика жүзүндө аларды аткарып жатышат.
Даярдаган: Майрам Төрөгелди кызы
Сынак үчүн