Нарын районуна караштуу Учкун айылынын Э.Токсобаев атындагы орто мектебинин окуучусу Найзабек Мукамбет уулу “Жоокер ыры” сынагынын “Көркөм окуу” номинациясы боюнча биринчи орун ээледи. Аталган сынакта “Патриоттук ырлар”, “Жоокер ыры”, “Көркөм окуу” номинациялары боюнча ат салышышты. Таймашка жалпы 9 окуучу катышкан.
Сынак төрт баскычта өтөт. Алгач өрөөндүк, райондук, облусттук баскычты багындырып, республикалык таймашка жолдомо алат. Республикалык таймаш 18-19-апрелде Бишкек шаарында өткөрүлмөкчү.
Сынактан биринчи орунга ээ болгон Найзабек Мукамбет уулу “Майдангердин эскерүүсү” деген ырды сахналаштырып окуп берген. Анын айтымында Облусттук сынак калыс, адилеттүү өткөн.
“Мен облусстук сынакка катышаардан мурун, райондук сынакты утуп чыккам. Ал эми облусттук сынакка ошол райондук таймашта кетирген каталарымды оңдоп, дагы жакшы деңгээлде даярдандым. Ал эми ырдын аталышы “Майдангердин эскерүүсү” деп аталат. Ошол ырды окуп облусттук сынактан биринчи орун алып отурм. Бул баскычтагы сынак калыс жана адилеттүү өттү десем жаңылышпайм”,-дейт Найзабек Мукамбет уулу.
Ал эми мугалими Назира Касымбекова да бул сынак калыс өткөнүн белгилеп, окуучусунун эмгегинин акыбети кайтып, Республикалык таймаштан жакшы орун алат деп ишенээрин белгиледи.
“Биз бул сынакка абдан даярдандык. Күнү-түнү формаларын издеп, медалдарын таап, сакал-мурутун кол менен жазап чыкты. Ошол эмгеги бүгүн бааланып отурат. Эми Республикалык сынактан да эмгегинин акыбети кайтып жакшы орунга жетишет деген ишеничтемин. Ийгилик каалайм окуучума”,-дейт Назира Касымбекова.
Аталган сынактын калыстары баарына терең ыраазычылык билдирип, кийинки баскычка өткөн окуучулардын баарына жеңиш менен кайтып, облусттун жүзүн коргоп келүүсүнө ишенээрин билдирди. Бул алган жеңиши окуучулардын мойнуна артылган ишеним, эмгектенүү жана чоң жоопкерчилик экенин белгилешти.
Сынакка катышкан окуучуларга дипломдор жана кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды. Ошону менен бирге мугалимдерге да диплом, грамоталар ыйгарылды.
Ал эми сынакка колдоп, көргөнү келген окуучулар бул сынак калыс өттү, бирок айрым кемчиликтер болгонун жана кээ бир катышуучулар ырдаарда музыкасын жакшы коё албай, айрым каталыктар болгонун айта кетишти.
Марал Казиева. НМ сынак үчүн.