Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинин “Нур баян” тобу облусттук “Манас таануу” сынагынан 3-орунга татыктуу болду. Аталган топ 8-9-класстардын окуучуларынан түзүлгөн.
Жалпы ал таймашка 10 команда катышкан. 1-орунга Ат-Башы районунун “Арзым” тобу ээлеп, 2-орунга аталган райондун “Улуу баян” тобу, ал эми 3-орунга Нарын районунун “Нур баян” тобу ээледи.
Аталган топтун жетекчиси Гүлмира Жумагулова облусттук сынак калыс өткөнүн белгилеп, райондук тандоо турунда да манасчылар келип тандашса жакшы болоорун белгиледи.
“Биз облусттук таймашка жакшы деңгээлде даярдандык.Менин оюмча облусттук таймаш калыс өттү. Бул сынактан өткөндөргө Республикалык баскычтан мыкты орундарга жетишине тилектешмин. Эң башкысы калыстык болуш керек. Калыстыкты райондук деңгээлден баштап караш керек. Райондук таймашка да манасчылар келип тандаса жакшы болоор эле”, — дейт Гүлмира Жумагулова.
Таймашка калыс болуп отурган Нурбек Талантбеков баардык топ мыкты даярдыкта экенин жана ар бир команданын эмгегин баалап, калыс чечим чыгаргандыгын билдирди.
“Быйылкы “Манас таануу” таймашына балдар мыкты деңгээлде даярданышыптыр. Былтыр да Республикалык таймаштан Нарын районунун “Алтай тобу” баш байге, “Улуу баян” экинчи орунга жетишкен болчу. Ошол балдардын деми буларда да бар экен. Биз ар бир топтун эмгегин баалап, калыс чечим чыгарганга аракет кылдык”,-дейт Нурбек Талантбеков.
Быйылкы жылкы тайманка катышкан “Нур баян” тобунун топ башчысы Айдай Темирбекова: “ Бул жылкы Республикалык таймашка барбай калганыбызга өкүнгөн деле жокпуз. Эмдиги жылы жакшы дем менен даярданып, Республикага жолдомо алабыз деп ишенем”,-дейт.
Бирок сынакка катышкан топтордун айрымдары башка командаларга суроолор жеңил түзүлүп, бир аз кемчиликтер кетти деп белгиледи.
НМ сынак үчүн Нурзат Адилет кызы.