Нарын районуна караштуу Учкун айылында Нарын районунан келген «Аракет» тобу уюштурган конкурс болду. Аталган топ сегиз айылга барып сулуулар конкурсун уюштурушат.
«Аракет» тобу үч айылга барып төртүнчү болуп Учкунга келишти. Ар бир айылдан биринчиликти алгандар райондук деңгээлде 10-майда Нарын районунда күч сынашышып 1-2 орунга илинген кыз Чолпон-Ата шаарына барып жети күнгө бекер эс алып келишет. Бул 7-күндүк эс алууну өзүлөрү каржылашууда.
Конкурстун башкы уюштуруучусу Алиаскар Токтобековдун айтымында бул топ эки жыл мурун уюшулган анда сегиз адам иштейт жана буларды каржылоочу атайын компания жоктугуна байланыштуу өзүлөрүн каржылашат.
«Айыл ажары» конкурсуна элдер көп келишип, жакындарын колдоп дем күч берип жатышты.
Биздин айылдан беш кыз катышты. Алар өз колдору менен ар кандай көйнөктөрдү ойлоп табышты, кыргыздын улуттук тамактарын жазашты жана көптөгөн номурлар болду.
Учкундагы конкурста Бурулча Сынжыбекова жеңишке ээ болду. Бурулчанын айтымында жеңишке жетээрине анча деле ишенген эмес, баары башталганда абдан толкунгандаганын айтат жана ушундай конкурстар көп уюшулса жакшы болоорун белгилепп өттү.
Ошондой эле билет баасы 30 сомду түздү. Ар бир конкурска катышкан кызга 20дан билет таратыдып берилди. Билеттен түшкөн каражатка конкурстан уткандар эс алууга барып келишет жана топтогу кыздар балдардын кийимине кетет. Белгилеп кетчү нрсе ар бир айылга 170 билеттен берилген.
Кээ бир көрүүчүлөрдүн айтымында калыстар тобу тартып коюшту. Ал эми конкурска катышкан Алтынгүл Мүдүнованын айтымында баары туура эле болгонун. Ар ким дараметине жараша упайларды алганын жана ал жеңилгенине капа болбогонун белгилеп өттү.
Конкурстун жыйынтыгында жеңүү картинка, диплом жана карона менен сыйланды. Башка катышуучуларга «чебер айым», «Акылдуу айым» жана «Назик айым» деген наамда грамоталар берилди.
Даярдаган: Жанара Асанкул кызы
НМнын смартфон сынагы үчүн