“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкун: Быйылкы жылда аткарылуучу иштер туралуу жалпы жыйналыш болду.

15 Апрель 2016 жыл 19:54
Көрүүлөрдүн саны: 101

IMG_0012

Нарын районуна караштуу Учкунайылында жалпы элдик жыйналыш болуп өттү. Аталган жыйналышта багылуучу малдын баалары, жайлоо маселеси жана жер айдоо, суу маселелери каралды. Жыйналыш Ч.Кожомжаров атындагы маданий үйүндө өткөрүлдү.

IMG_0033

Учкун айылынын катчысы Айзат Жунушбекованын айтымына таянсак, бул жыйналышта орчундуу төмөнкү токтомдор чыгарылган:

1. Мал багуу боюнча: кой-30 сом, кочкор-100 сом, уй-100 сом, бука-200 сомдон багылсын;

2. Көчүп — конуу боюнча: жаздоо 20-апрелден баштап көчүп, жайлоого 10-июнда көчүп, малдын келүү убагы 1-10-октябрдан башталсын;

3. Суу маселеси боюнча: таза сууга болгон салык айына — 300 сомдон, үйүнө суу чыгаргандар үчү-1000 сомдон төлөнсүн;

IMG_0039

Бул чыгарылган токтомдорго жалпы эл макул болгон.

IMG_0213

Ал эми аталган жыйналышка катышкан Матан Жусупов жыйналыш тынч өтүп, айыл башчы, жайыт комитети да катышып ошол багыттагы суроолорду чечүүгө аракет кылышканын билдирди.

«Мен бүгүнкү жыйналышка катыштым. Жыйналыш талаш-тартышсыз жакшы өтүп, каралган иштер да жакшы чечилди. Айыл башчы, жайыт комитеттери да келип, маселелерди чечти»,-дейт Матан Жусупов.

IMG_0001

Учкун айылынын айыл башчысы Максат Токказиев ар бир ишти терең тактап, жакшы жыйынтык чыгарууга аракет кылгандыгын билдирди.

IMG_0026

«Бүгүнкү жыйналышта жайыт маселеси, суу маселеси, жер айдоо маселелери каралды. Ошол маселелерди терең талдап, жакшы жыйынтык чыгарууга аракет кылдык. Тургандар да ал жыйынтыктарды колдоп берди»,-дейт Токказиев.

IMG_0031

Ал эми айыл тургуну Гүлнара Кадыркелова мал багуудагы айрым бааларга каршы экенин билдирген.

IMG_0024

«Биз, жолдошум болуп эки жылдан бери уй багабыз. Айрым кезде жоголуп кетип, эмгегибиз акталбай калат. Ошол үчүн кичине бааларын көтөрсө болмок. Бирок, эл чечим кабыл алгандан кийин мен да макул болдум»,-деп белгилейт Гүлнара Кадыркелова.

Темирлан Тоюнбек уулу

Смартфон сынак үчүн

НМ