“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкун айылында ачык эшиктер күнү болуп өттү

26 Апрель 2016 жыл 15:21
Көрүүлөрдүн саны: 188

IMG_0321 «Тарых жана маданият» жылына карата Нарын районунун Учкун айылында ата-энелер менен бирдикте мектепте өтулуп жаткан тарбиялык иштерге анализ беруу жана сапаттуу билим беруу боюнча ачык эшиктер куну болуп өттү. Аталган иш-чарага кыркка жакын ата-энелер келип, интеграцияланган ийрим жана сабактарга катышып беришти. 

IMG_0371

Ата-энелерге кандай таасир калтырганын бири кубануу менен айтса, бири окуучулардын билим деңгээлине нааразы болуп отурду:»Мугалимдердин даярдыгы жакшы, мындай иш-чараны уюштурганы жакшы болуптур. Ата-энелер дагы келсе жакшы болмок, ал эми окуучулардын билим деңгээли орто деп айтсам туура болот»-деди Зарина Кайыпова.

IMG_0618

Аталган иш-чаранын максаттары менен тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары Сыдыков Мурат агай бөлушө кетти:»Сабактарды интерактивдуү методдор боюнча өтулүшү, тарбиялык сааттардын өтулүшү, мектепте иштеп жаткан ийримдердин жетишкендиктерин белгилөө максатында өттү».

IMG_037лг1

Ал эми окуучулар учун абдан кызыктуу болгону жүздөрунөн көрүнүп турду:»Интеграцияланган сабактарды өткөнү абдан кызыктуу болду, өзгөчө ар кайсы класстар аралашып, бири-бирибиз менен пикир алышканы. Баардык сабактар боюнча ар кандай суроолор берилип, алардын кээ бирине жооп берсек, билбеген сурообуздун жообун алуу, дүйнө таанымыңды кеңейтүүгө абдан зор таасир этет экен. Келечекте да ушундай кызыктуу сабактарды уланта берсе деген тилектемин,»-деп окуучу Жибек Амантур кызы белгилеп өттү.

IMG_0336

Андан тышкары ачык сабак, ток шоу, викторина, таймаш, семинарлар менен коштолду.

Даярдаган: Элина Асанакунова

 Сынак үчүн