Нарын районуна караштуу Учкун айылында жылда майрамдалуучу «Алиппе» майрамы болуп өттү. Бул майрам өзгөчө болуп, окуучулардын ойлонуусун арттыра турганы менен мурдагысынан айырмаланды. Майрамга үч класс катышып, КВН түрүндө болду.
Бул жылда эле өтүп турат. Быйылкысында көптөгөн өзгөчөлүктөр жана жаңы идеялар көп болду. Окуучулар ар кандай бийлерди, ырларды аткарышты.
Биринчи класстын класс жетекчиси Айнура Сыдыкова: «Мурунку майрамдар өз алдыбызча өтүлчү, ага программаны өзүбүз түзчүбүз ал эми быйыл КВН түрүндө өтүп жалпы ата-энелер, мугалимдер, окуучулар катышып салтанаттуу түрдө өткөрүлгөндүгү менен айырмаланды. Биринчи, экинчи орун болгон жок бирок, ата-энелер жана мугалимдердин айтуусу боюнча жогорку деңгээлде 1б класстыкы болду. Даярданууда көптөгөн кыйынчылыктар болду, кичинекей балдар менен иштөө көп эмгекти талап кылат ошол үчүн аларга кенедей нерседен үйрөтүп, иштеш керек»,-дейт ал.
Кыргыз тил мугалими Тамара Кемелованын айтымында: «Бир жылга чейин окуучуларга баа коюлбайт акырында жыйынтыгы алиппе майрамы менен жыйынтыкталышы керек. Биз үч класстын майрамына күбөө болдук. Үч класска тең тапшырмалар берилиптир бул майрам эмес сабак болуп эсептелинет. Ушул үч командадан бардыгын көрсөтүп, балдардын баары такылдап жооп берип, берген жооптору менен айырмаланган Айнура Сыдыкованын классы болду»,-дейт Тамара Кемелова.
Дүйшөгүл Баялиеванын айтымында бул майрам ага абдан жакканын белгилеп өттү. «Мен кичинекей балдардын жогорку деңгээлде аткарганын, баары ырларды такалбай жана ырдап бийлегендери абдан жакты. Балдар кичине болсо да Койсун Карасартова жана Андабековдун ырын туурап өзүндөй аткарып беришти деген ойдомун, ушунусу өзгөчө жакты»,-деди көрүүчүбүз.
Аталган майрамга 70-80дей ата-энелер жана 20дай мугалимдер катышышты.
Даярдаган: Айдана Алмазбек кызы
ЖАнын сынагы үчүн