“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Катышуучунун баяны: Республикалык «Жоокер ыры» конкурсундагы 1-орунду багындыруу

29 Апрель 2016 жыл 19:21
Көрүүлөрдүн саны: 73

IMG_0273

Республикалык «Жоокер ыры» конкурсу 22-апрелде өткөрүлдү. Аталган конкурс Бишкек шаарында Кыргыз Улуттук Консерваториясында болду. Сынакка жалпы 40ка жакын окуучу катышып, 3 номинация боюнча ат салышышты.

IMG_0239

Сынак эки күнгө уланды. Нарын облусунун атынан 3 окуучу, майор Назар Абиковдун жетекчилиги алдында бардык. Эң алгачкы барган күнүндө регистрациядан өттүк. Ал жерде айрым адамдар нааразы болушту. Себеби, уюштуруучулар көпкө дейре келбей, жолдон чарчап келген катышуучуларды күттүрүп, кыйнап койду.

IMG_0224

Дагы талаш болгон нерсе Чүй облусу Облусттук сынак өткөрбөй, үч району сынакка келген. Бизди алып барган Назар Абиков: «Ар бир област өзүнчө конкурс өткөрүп, бирден гана районду алып келиши керек»,-деп белгиледи. Ал эми уюштуруучулар жобонун негизинде бир гана районду катышууга уруксаат берди.

IMG_0241

Биз ал күнү жатаканада болдук. Ал эми кийинки күнү атайын автобус менен Кыргыз Улуттук Консерватриясына алып барды. Конкурс ошол жерде саат он экилерде башталды.

IMG_0233

Бул конкурсту төрт министрлик уюштурган. Ошондой болсо да бул конкурска бир гана Коргоо министрлиги уюштуруучулук кылып жүрдү. Башка министрликтин өкүлдөрүн көрө алган жокпуз.IMG_0219

Сынак башталып, эң алгач «Патриоттук ырлар» номинациясы болду. Катышуучулар абдан толкунданып жатты. «Мен аябай толкунданып жатам. Азыр менин кезегим келе жатат. Жакшылап ырдасам экен»,- дейт Эламан аттуу катышуучу .«Патриоттук ырлар» номинациясы болуп жатканда айрым мүчүлүштүктөр болду. Конкурстун бир катышуучусу музыкасын коё албай, көпкө убура болду.IMG_0132

Сынактын кийинки номинациясы «Согуштук ырлар» деп аталат. Аталган номинацияда да биринчидегидей кемчиликтер кайталанды. Эң соңку номинация «Көркөм окуу» номинациясы болду.

IMG_0147

Мен да ошол номинацияда катышып, 11-болуп сахнага чыктым. Сахнанын артында эч кандай бири-бирине жамандык каалоо, бут тосуу болгон жок. Тескерисинче бул сынак катышуучуларды достоштурду. Ал эми бизден мурда сахнага чыккан кыз бизди көздөй ыйлап келди. Көрсө ал «Толгонайдын монологун» берилүү менен айткандыктан, анын көзүнөн жаш чыккан экен.

IMG_0255

Кийинки күнү конкурстун жыйынтыгы чыкты. Аталган сынакта мен «Көркөм окуу» номинациясы боюнча биринчи орунга жетиштим. Конкурста Догдурбек Юсуповдун «Майдангердин эскерүүсү» деген ырды көркөм окудум.  IMG_0266

Орун алган окуучуларга дипломдор, кызыктыруучу белектер жана 1-орун үчүн планшеттер берилди.

Даярдаган: Найзабек Мукамбет уулу

Сынак үчүн

ЖА