“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Дүйнөгө таанымал Ташчайнар учкундуктарга өз өнөрүн көрсөтүп кетти

11 Май 2016 жыл 13:34
Көрүүлөрдүн саны: 190

Нарын районуна караштуу Учкун айылында Нурлан Алишеров кайман аты Таш-Чайнар келди. Концерт Нарын облусунун маданий үйү бар ар бир айылга коюлду. 

Концер 20:00до башталып 22:00до бүттү. Бул топ Учкунга эки ирет чоңдорго жана мектеп окуучуларына өзүнчө өткөрүлдү.

IMG_0655

Нурлан Алишеров: «Мен 2011-жылы 5-майда түшүмө аян берип, бул өнөрүдү баштадым. Кээ бир адамдар мени атайын бир нерсенин жардамы менен жазайт деген мааниде түшүнүшөт. Менин концерт коюмдун бирден бир себеби адамдар бул өнөрүмдү өз көзү менен көрүшүп, ишенишсин дейт элем»,-дейт ал.

IMG_0673

Билет баасы чоңдорго 60 сjм ал эми мектеп окуучуларына 40 сомдe түздү. Билеттен түшкөн каражат кайда жумшалаарын Нурлан Алишеров төмөнкүчө айтып өттү.

«Билеттен түшкөн акчага жакында Америкада сынак болот жана биздин топтогулардын кийим-кечесине кетмекчи»,-дейт ал.

IMG_0661

Концертте Таш-Чайнар тиши менен тактайга кагылган мыктарды сууруп, оор салмактагы нерселерди тиши менен көтөрдү.

IMG_0711

Көрүүчү Алина Бейшеналиева: «Мага концерт абдан жакты. Таш-Чайнарды сыналгыдан көргөндө көп деле ишене берчү эмесмин эми өз көзүм менен көргөндө таң калдым жана анын өнөрүнө ишендим десем болот»,-дейт Алина Бейшеналиева.

Концерттин аягында Таш-Чайнар тиши менен машинаны сүйрөп эдерди таң калдырды.

Даярдаган: Айдана Алмазбек кызы

Сынак үчүн