2014-жылы Э.Токсобаев атындагы орто мектеп БУУнун Азык-Түлүк программасынын негизинде мектеп ашканасына ысык тамак даярдоо үчүн 1 миллион сомдук акчага керектүү жабдыктарды жеңип алышкан. 2016-жылы аталган долбоордун уландысынын алкагында окуучуларды айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө үйрөтүү максатында мектепте “окуу тажырыйба участкасы” уюшулду.
“Мектептин көмөкчү чарбасын түзүү жана өнүктүрүү” долбоорунун алкагында мектепте “окуу тажырыйба участкасын” уюштуруу боюнча көптөгөн иштер аткарылып жатат.
Мектептин директору Арзыгүл Шеримбекованын айтуусунда “ биздин окуу тажырыйба участкабыздын жалпы аянты 0.25га жерди ээлейт жана ал жерди өздөшүрүүнүн максаты окуучуларга агротехнткалык билим берүү”- деди.
Төмөнку аты аталган мектептин чарбалык иштер боюнча директордун орун басары Адилет Бейшеналиевдин бизге берген маегинде “ окуу тажырыйба участкасын уюштурууга БУУнан мөмө-жемиштерге урук, жана көчөттөрдү алууга жалпы 10миң сомдук каражат бөлүнүп берилди”-деп айтты.

Бул долбоорорду ишке ашырууга окуучулар да салым кошушту. Алардын бири Айганыш Адил кызы бизге төмөнкүлөрдү белгиледи “ биз алма көчөттөрдү отургузуп, ар бирибиз көчөттөрдү бөлүп алдык жана аларды өзүбүз багып чоңойтобуз”-деди. Айканыштын айтуусунда бул алмаларды кийин биз өсүтрдүк эле деп 10жылдыкка келгенде сыймык менен балдарыбыга айтабыз”-дейт.

Ал эми бактарды, жер жемиштерди өстүрүп, алардын өсүшүнө жоопту биолог мугалими Мурат Сыдыков төмөнкүлөрду айтты” Мен Нарын шаарында 4 кун атайын адистерден мөмө жемиштерди туура отургузуп өстүрүү боюнча окуп келдим, азыр үйрөнгөнүмдү окуучуларга тажрыйба жүзүндө көрсөтүүдөмүн”-дейт Мурат Сыдыков.

Бул долбоор мектеп ашканасынын да тамагынын ар түрдүүлүгүн камсыз кылат.Себеби ал жака картошка, кызылча, сабиз, малина, карагат, алма бак сыяктуу көптөгөн жемиштери айдалган.

Быйылкы жылы мектеп жамааты көмөкчү чарбадан 27 миң сом акча бөлүп, мектеп бакчасына “ Жашыл класс” уюштурууну пландап жаткан кези.
Даярдаган: Алмаз Эшбаев
Редактор: Найзабек Муканбет уулу
Сынак үчүн