“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

«Оболо» Тенир-Тоо таланттары» атлышындагы ыр кесе Учкунда өттү

14 Май 2016 жыл 16:03
Көрүүлөрдүн саны: 242

13-май күнү Куланак айылында биргелешкен айыл таланттары менен бирге «Оболо» Тенир-Тоо таланттары» деген ыр кесе болуп өткөн. Аталган ыр кесенин уландысы 14-май күнү Учкун элине тартууланды.

Нарын райондук администрациясынын буйругу менен коңшу айылдарда ыр кеселер өткөрүлүүдө. Коңшу Сары-Ой жана Достук айыл өкмөттөрүндө буга чейин бул иш чара болуп өткөн жана кезек Учкун Айыл өкмөтунө берилген эле. Учкун Айыл өкмөтү эки айылдан тургандыктан 12-13-май күндөрү эки айылын элине ыр кесе коюлду.

IMG_0300

Ыр кесенин уюштуруучусу Тамара Жумакаева атындагы маданият үйүнүн директору Ааза Тилекматованын бизге берген маегинде:

IMG_0329

» Азыр айылыбызда катылып жаткан таланттар абдан көп жана аларды эл алдына чыгаруу максатында ушул иш чараны өткөрдүк»,-дейт Тилекматова.

IMG_0332

Ал эми ыр кесенин эн кенже катышуучусу 9-класстын окуучусу Рахат Маратбек уулу: »  Мен ыр кесеге эки эле күн даярданып эл алдында өз талантымды тартууладым, келечекте Бек Борбиевдей ырчы болууну каалайм»,-дейт.

IMG_0292

Ыр кесени башынан аягына чейин көргөн Миргул Аманкулова: » Ыр кесе ойдогудай өтүүдө жана мен айылыбызда мындай таланттуу адамдар көп экенин билбепмин»,- дейт ал сөзүндө.

Ыр кесеге айыл таланттары бир жума даярдык көрүшкөн. Бул иш чара » Тарых жана маданият жылына карата» өткөрүлүүдө. Эми Ыр кесени кезегин Учкун Айыл өкмөтү Эмгек Талаанын таланттарына өткөрүп берди.

Даярдаган: Алмаз Эшбаев

Редактор: Найзабек Мукамбет уулу

Сынак үчүн