Нарын районуна караштуу Сары-Ой айылында жаштар келечек муундарга ден соолукту чындоо максатында футбол аянтчасын куруп жатышат. Спорт аянтчасын куруу 15-апрелден башталып, 25-майга чейин бүтүп калат.
Спроттук иш чара 15-апрелде башталган. Бул демилгенин уюштуручусу Султанов Арстанбек Канаевичтин айтымында
:»Бул биздин он жылдыктардын демилгеси болчу.Ошол быйыл биздин он жылдыгыбыз болгонуна байланыштуу ушул ишти баштадык.Бул ишти баштаганыбызга бир ай болду.Азыркы учурда сегиз адам иштеп жатабыз.Тамак аш жагын айыл эли каржылап жатат»,-деди.
Айыл тургундарынын айтымында спорттук аянтчанын курулуп жаткандыгы жонундо Сапарбубу Боталиева мындайча баяндап берди
«Бул балдар жакшы иш кылып жаткандыгына байланыштуу көчөнүн келиндери тамак жазап келгенбиз. Бул балдар учун, эл учун жакшы иш баштап жатышыптыр»,-дейт ал.
Футболдук аянтчаны курууну он жылдыктар көтөрүп чыгышкан.
«Футболдук аянтчаны айыл үчүн куруп жатабыз. Биздин максат айыл жаштарын спортко кызыктыруу болуп саналат. Ушул бир айдын ичинде кеткен каражат 318 миң сом сарпталды. Эми дагы буюрса дарожка алып келебиз. Айыл эли бизге 130 миң сом бөлүп беришкен. Калган акча өзүбүздүн атыбыздан чыгардык»,-деди Самаган Сейитбеков.
Айрым айыл тургундарынын айтымына таянсак бул спортук аянтчасын 8 адам куруп жатат. Бирок, иш батыраак бүтуш үчүн дагы жумушчулар тартылса жакшы болмок деди.
Айыл жаштары футбол аянтчасын 25-майда курулуп буторун билдиришти.
Автор: Таттыгүл Туратбек кызы, Албина Мелис кызы
Редактор: Бегимай Бекмурат кызы
Сынак үчүн