“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкун: Окуучулар арасында Тогуз Коргоол боюнча мелдеш өтүүдө

14 Май 2016 жыл 13:59
Көрүүлөрдүн саны: 104

Ушул жылдын апрель айынан баштап Э.Токсобаев атындагы орто мектепте тогуз коргоол боюнча 20-майда мектеп арасында өтө турчу чоң мелдешке тандоо оюндары башталган. Бул оюндун түрүнө кызыккан окуучулардын көптүгүнөн оюндар азыркы убакка чейин уланууда.

Тогуз Коргоол оюну мектепте алгач февраль айында уюшулган. Оюнду окуучуларга үйрөтуу жана жайылтуу максатында тарых мугалими Нурсултан Асанбеков өзү демилгелеп өткөрүүдө. Оюнга 5-9-класстын окуучулары катышып, жана азыр оюндун бул түрүнө кызыккандар арбын.

IMG_0460

«Мен азыркы убакта оюндун шартын билбеген окуучуларга оюндун жүрүшүн үйрөтүп аларды тандоо оюндарына катышууга мүмкүнчүлүк түзүп берүүдөмүн. Менин негизги максатым кыргыздын улуттук оюну болгон Тогуз Коргоолду унутта калтырбай өркүндөтүү болуп саналат”,-дейт Асанбеков.

Ал эми оюндун түрүн жаңы гана үйрөнүп келе жаткан 5-класстта окуган Айтеңир Жеңишбек уулу:

IMG_0477

“ Оюнду Нурсултан агайдан жаңы гана үйрөнүп, азыр 5-класстардын арасында өтүп жаткан тандоо оюндарында баардык каршылаштарымды жеңдим.  Кийин мындан дагы чоңураак мелдештерге катышып жеңүүчү болууну каалайм”,-  дейт Айтенир Жеңишбек уулу.

Бул оюндун түрүно кызыгып келген 5-класстын окуучусу Аалы Мааданов Тогуз Коргоол оюнун апрель айында гана үйрөнгөн.

IMG_0480

Ал: “ Мен 20-майда өтө турчу мелдешке жолдомо алганга бардык аракетимди жумшайм жана оюнду мындан дагы тереңдетип үйрөнөм”,-дейт.

Азыркы учурда Нурсултан Асанбеков бул оюндун түрү боюнча шакирттерди өстүрүп тарбиялоодо. Алардын арасында тандоо оюндарын катары менен жеңип келе жаткандар да бар. Асанбековдун бизге берген маегинде ал келечекте татыктуу оюнчуларды тарбиялайм дейт.

IMG_0463

20-майда аталган мектепте класстар арасында жогорку деңгээлдеги оюндар башталмакчы. Бул оюнга тандоо турларынан жеңген кана окуучулар катыша алат.

Даярдаган: Алмаз Эшбаев

Редактору: Найзабек Мукамбет уулу

Сынак үчүн