“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкундун тренери Сары-Ой айылына барып сабак өтүп келди

14 Май 2016 жыл 15:04
Көрүүлөрдүн саны: 88

kloop.kg маалымат порталынан окуп келген тренер Бегимай Бекмурат кызы Сары-Ой айылына барып сабак өттү. Сабакка 20 окуучу катышып, ал эми 15 окуучуга Учкундан өтөт. Сабакта онлайн журналистика жана сүрөт баян өтүлдү.

Алар  жанылыктарын жазышып Учкун ЖМБга жөнөтүшөт, Учкундан аларды текшерип, сайтка чыгарышат. Сайтка чыккан материалдары Смартфон сынагына катышат. Эн коп класс топтогон катышуучу смартфонго ээ болот.

IMG_0530

Тренер Бегимай Бекмурат кызы сабактын өтүлгөнү туурасында баян кылып берди. «Мен башында баратканда бир аз коркуп жаттым. Бирок сабак башталганда окуучулар менен бат эле тил табышып алдым. Аларга сбагым жакканын белгилеп өтүштү. Мен алар менен дайыма байланышып, дагы жанылыктарды көп жаздырып турам»,-дейт ал.

IMG_0554

Сабакта слайд менен презентациялар корсотулуп, аларга фотоаппарат, диктофон жана видеокамера менен иштегенди үйрөттү. Сабактын аягында окуучуларды топторго бөлүштүрүп, жанылык жаздырып сайка да чыгарганга жетишишти.

IMG_0528

Бул туурасында Сары-Ой айылынын окуучусу Аскат Канай уулу төмөнкүлөрдү айтып өттү. «Мага  бугунку тренинг абдан жакты, себеби Учкундан ушундай тренер келип, биз билбеген нерселерди үйрөндүк. Бизге ушундай тренинг журналистика боюнча биринчи жолу өтүлүп жатат. Мындан ары да алар менен мамилебизди үзбөй дайыма байланышта болсок жакшы болмок, алар менен иштешкен абдан жакты»,-деп сөзүн аяктады.

Эми бир жумадан соң Сары-Ой айылынын окуучулары алган билимдерин тереңдетүү максатында Учкунга келишип жанылык жазып кетишет.

Даярдаган: Айдана Алмазбек кызы

Редактору: Найзабек Мукамбет уулу

Сынак үчүн