“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкун:Сары-Ой айылы мектепти ондоо үчүн долбоор утуп алышкан.

16 Май 2016 жыл 11:13
Көрүүлөрдүн саны: 298

Нарын районуна караштуу Сары-Ой айылындагы мектептин эскилиги жетип, 2015-жылы май айында тендерди утуп алышкан. Анын негизинде мектептин чатыры жана терезелери жаныланды.

IMG_0556

Мектептин өкмөтү «Мен башчы болуп келгенде мектептин чатырынан тамчы тамып турчу. Азыркы учурда мектептин абалы жакшы. Биз чатырды оңдош үчүн долбоор жазып, утуп ошентип оңдодук. Бизге айыл тургундары 200сомдон 500сомго чейин беришкен. Айрымдары колунан келген жардамды көрсотүшту»,-деди Чубак Жакыпов.

IMG_0638

Азыр Сары-Ой айылында мектептин абалы туурасында мектептин кыргыз адабиятынан берген Нуржан Токсобакова өз сөзүндө мындайча баяндады «Мектептин чатырын оңдоо үчүн элден акча алгандыгын билбейм.Негизи элден акча алганы туура эле деп ойлойм. Мурун терезебиз жыгач,чатырыбыз эски болчу азыр жакшы»,-деди ал.

IMG_0544

Мурун мектептин чатырынан тамчы тамганын айыл тургуну Эстебес Капаров мындай деди»Мен ошо чатыры оңдолгонуна аябай сүйүнүп жатам. Себеби,мурун мектептин абалы жаман болчу азыр кудайга шүгүр жакшы болуп калды. Бирок, элден акча алганы көп деле туура эмес болуп калды го»,-деди айыл тургуну.

IMG_0555

Сары-Ой айылында мектеп жана клуб быйыл чатырланган.

Автору:Касымбеков Тилеш,Тапалайьекова Таңчолпон.

Редактор:Бегимай Бекмурат кызы.

Сынак үчүн.

Бул маалыматты көчүрүп жазууга тыю салынат!