“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкун: Жаандын жаашына карабай ойногон мектептин жаш футболчулары

16 Май 2016 жыл 14:30
Көрүүлөрдүн саны: 164

Э.Токсобаев атындагы мектептин мектеп парламенти 4-апрелде футбол боюнча “ Учкунстан кубогу” аталышындагы мелдеш өткөргөн. Жамгырдын жааганына карабай 7-класстын окуучулары 16-апрелде аталган мелдешти демилгелеп уюштурду.

Бул мелдеш мектебибизде үчүнчү ирет өткөрүлүүдө. Мурунку оюндарды Мектеп бүтүрүүчүлөрү өткөргөн эле.Эми минтип 7-класстарга кезек келип, алар да мелдешти уюштурду.

IMG_0383

Мелдештин уюштуруучуларынын бири Бекбол Сүйүнбек уулу “Биз мурунку оюнда экинчи орунду алганбыз, командабыз менен кеңешип оюнду ушул күнү өткөрүүнү чечкенбиз”,- дейт Бекбол.

IMG_0409

Ал эми аталган мелдешке башкы калыс болгон айыл тургуну Кубанычбек Жанталиев Оюнчулар оюнга мурдагыдан жакшыраак даярдыкта келгенин айтты “ Оюнчулардын деңгэли бир баскычка болсо да өскөн экен, мындай оюндардын болушу окуучуларыбызга спортко кызыгууга кичине болсо да жол ачат”,- дейт ал.

IMG_0412

Оюндун катышуучусу Бекмырза Аскер уулу “ Биз ойноп жатканда катуу нөшөрлөп жаан жаады. Бирок оюндун кызуусуна кирип кеткендиктен бизге жаан анча деле тоскоолдук кылган жок”,-дейт  сөзүнүн аягында.

IMG_0380

Жаандын катуу жаашы менен оюндар аягына чыкпай калды. Мелдештин уландысы 18-майда өтө тураары айтылууда.

Даярдаган: Алмаз Эшбаев

Редактору: Найзабек Мукамбет уулу

Сынак үчүн