“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкундун жаңы салынып жаткан мечитине мунара орнотулууда

16 Май 2016 жыл 10:49
Көрүүлөрдүн саны: 193

2015-жылы Билал Исаковдун демилгеси менен Учкун айылында мечиттин курулуш иши башталган. Ал эми азыркы учурда мечитке мунара орнотуу иштери жүрүүдө.

Мечиттин куруучусу Билал Исаковдун шаарда болгондугуна байланыштуу, биз мечиттин курулушу тууралуу толук маалымат ала албадык.

IMG_0347

Мунара орнотууга атайын башка жактан усталар келишкен. Усталардын бири Кайрат Алашов мунараны 20 күндүн ичинде бүтүрүшөөрүн айтууда. » Биз ушуга чейин 200гө чукул мечиттерде иштедик жана мен өз бригадам менен 10 жылдай чогуу иштедим. Билал байке менен иштешип жатканыбызга бир жумадай болуп калды»,- дейт Алашов.

IMG_0352Айыл тургуну Нурлан Мелис уулу мечит курулуп жаткан жерди Билал Исаковго мындан эки жыл мурун 30миң сомго берген.» Мен бул мечитке жакын жашагандыктан, бош убагымда кирди чыкты усталарга жардамымды жана кээде тамак ашымды дагы даярдап берип турсамбы деп ойлоп жатам «,- дейт ал.

IMG_0353

Билал Исаков менен аз убакыт болсо да телефон менен байланышканыбызда күзүндө мечиттин курулушун бүткөрөөрүн пландап жатканын айтты.

IMG_0360

Мелисовдун айтуусунда мечитке алаш жолу  менен жардам беришсе иш алдыга жылат ошондой эле мечиттин  курулушу айыл тургундарын ыйман жолуна чакырат жана өзүнүн дагы намаз окушуна чоң шарт түзөт.

Даярдаган: Алмаз Эшбаев
Редактору: Найзабек Муканбет уулу
сынак үчүн