“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

АЧД сабагы боюнча өткөн өрөөндүк мелдеш

17 Май 2016 жыл 14:03
Көрүүлөрдүн саны: 257

Учкун мектебинде 30-апрель күнү Аскерге чейинки даярдоо сабагы боюнча мелдеш болуп өттү. Мелдешке жалпы 5 өрөөн катышып, ок атуу, саптык көнүгүүлөр жана даярдыктар, жеӊил атлетика жана башка түрлөр боюнча күч сынашышты.

IMG_0450

Өткөрүлгөн мелдеште Учкун айылынын Э.Токсобаев атындагы орто мектебинин уландары 1-орунга жетишишти. Ал эми 2-орунду Достук, 3-орунду Куланак, 4-орунду Жан-Булак камсыз кылды. Сары-Ой өрөөнү мелдешке катыша алган жок.

IMG_0529

Бул мелдеш Республикалык деӊгээлдеги мелдеш. Бирок, республикага жолдомо алуу үчүн өрөөндүк, райондук, областтык баскычтардан өтүү зарыл. Таймаштын максаты окуучуларды аскер көндүмдөрүнө азыртадан калыптандыруу болгон.

IMG_0327

Өрөөндүк мелдештин уюштуруучусу Бакыт Кайыпов мелдеш тууралуу төмөнкүлөрдү белгиледи:

IMG_0422

“Өрөөндүк мелдеш калыс өттү. Талаш болбош үчүн ар бир сынактын түрүнө атайын баалоочу кагаздарды дайындаганбыз. Бул мелдеш чуркоо, турникке тартынуу, граната ыргытуу, противогазды кийүү, пневматикалык мылтыктан атуу, саптык даярдык, ошондой эле аскердик тарыхый викторина менен коштолду,”-деди ал сөзүндө.

 

Аталган мелдештин калыстары болуп 5 мектептен келген мугалимдер болду.

IMG_0503

Ал эми мелдештин катышкан 10-класстын окуучусу Темирлан Тоюнбек уулу мелдеш калыс өтүп, тапшырмалар оӊой болгондугун белгиледи: “Мелдешке 3 күн даярданганбыз, жеӊишке жетишебиз деген деле ойлор жок болчу. Бирок, бизге АЧД сабагы дайыма кирет. Ар бир сабакта жаӊы нерселерге ээ болобуз. Балким сабактын жакшы деӊгээлде өтүлгөндүгүнөн жеӊишке жетиштик деп ойлойм,”-дейт Тоюнбек уулу.

IMG_0421

Мелдеш 4 жылдан бери өткөрүлүп, быйыл Учкун айылында өрөөндүк этабы уюштурулуп жаткан кези. 1-орунду алган Э.Токсобаев орто мектебинин уландары райондук мелдеште 2-орунду алып кайтышкан.

Даярдаган: Элина Асанакунова

Редактору: Найзабек Мукамбет уулу

Сынак үчүн