“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкун: Быйылкы 10 жылдыктар мектептин спорт залын оңдошту

18 Май 2016 жыл 8:19
Көрүүлөрдүн саны: 191

Мектептин быйылкы 10 жылдыктары мектепке белек катары спорт залды өздөрү демилгелеп оңдоп түзөдү. Мектеп залына  жаңы эшик салып , ичин толук сырдашты.

IMG_0419

Мектеп залынын темир эшигинин эскилиги жетип, жакшы ачылып — жабылбай калган. Ошондуктан быйылкы он жылдыктар эшикти 8 миң сомго жасатып, өздөрү келип салып берди.

IMG_0415

Мектепти 10 жыл мурун бүтүп кеткен айыл тургуну Мамеков Медер “ Биз залды  өзүбүздүн жалпы балдардын атынан ондоп жатабыз.  Эшигин гана алмаштырып койбостон, ичин дагы толук сырдап беребиз”,- дейт Мамеков. Ошондой эле анын айтымында спорт залга алар жумасына эки ирет келип волейбол ойношот экен.

IMG_0421

Ал эми мектептин кароолчусунун айтуусунда 10 жылдыктардын бул кылган иши мактоого арзыйт “ Булардын көбү ушул залдан топ ойноп жүргөн балдар, залды оңдоп беребиз деп туура чечим кабыл алган экен”,- деди.

IMG_0426

Ошондой эле мектеп окуучулары да залдын сырдалышына кубанууда.Алардын бири Бейшенбай уулу Нурбакыт төмөнкүлөрдү белгиледи ” Зал мурункуга караганда  сонун болуп калыптыр, эми дене тарбия сабагынан ушу жаркыраган залда ойнойбуз”,- дейт ал.

IMG_0430

Залдын эшигине , сырдалышына  оңдоп түзөөгө жалпы 27 миңдин тегерегиндеги акча коротулган. Бул акчаны 10 жылдыктар өз чөнтөктөрүнөн чыгарышты.

Даярдаган: Алмаз Эшбаев

Редактору: Найзабек Мукамбет уулу

Сынак үчүн