“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Башталгыч класстарга берилүүчү ысык тамактын бир жылдык отчёту

19 Май 2016 жыл 15:42
Көрүүлөрдүн саны: 171

Башталгыч класстар үчүн берилүүчү ысык тамак тууралуу ата-энелер жыйыны болуп өттү. Аталган иш-чарада башталгыч класстардын ата-энелерине бир жылдык отчёт берилди.

Эске салсак, 2015-жылы 6-мартта ПРООНдун колдоосу менен мектеп ашканасына балдар үчүн ысык тамак киргизүү долбоорун иштеп чыгышкан.

IMG_0469

Өткөрүлгөн жыйында мектеп администрациясы жана ошондой эле ата-энелер комитетинин башчысы катышып, 1 жылдык отчёт берилди. Бул тууралуу Замира Усубалиева: «Жыйналыштын өткөргөнүбүздүн максаты, долбоор тууралуу кененирээк маалымат берип, бир жылдын ичинде кандай иштерди аткардык, ошол тууралуу отчёт берип өттүк. Дагы кандай каражаттар жетишпей, мындан ары кантип өнүктүрөбүз ушундай суроолордун жообун алуу үчүн кеңешме курдук,»-деди өз сөзүндө ата-энелер комитетинин башчысы.

IMG_0468

Жыйналыштын соңунда ата-энелер өз пикирлерин айтышып, маселелерди чечүүгө макул болушту.

IMG_0467

Зарина Кайыповаөз ойлору менен бөлүшө кетти: «Бул жыйналышта ысык тамак боюнча коптогон маселелер каралды. Коп ата-энелер акча каражатын беришпегендиктен бул жыйналыш өткөрүлүп жатат. Кээ бир ата-энелер айтышты 200 сомдон чогултабыз дешип бирок 100 сомду төлөбөй жатышып 200 сомду кантип төлөшөт билбейм»,-деп сөзүн аяктады.

Даярдаган: Элина Асанакунова

Сынак үчүн

Редактору: Найзабек Мукамбет уулу