Учкун мектебинде жылына жасалчу бүтүрүүчүлөр бурчун 11-класстар иштеп чыгышты. Бүтүрүүчүлөр бурчунун жыл сайын жазап келишчү быйыл дагы өзгөчө ойду камтыган.

Бүтүрүүчүлөр өздөрүнүн келечекте ким болорун сүрөткө чагылдырышкан. Бул туурасында 11-класстын окуучусу мындай дейт.
«Негизи башка бүтүрүүчүлөрдөн айырмасы бул жерде ар бир окуучунун төрттөн сүрөттү чыкты. Негизи идеясы биздин мугалимдерибиз бизди алыс жакка учуруп жатат деген ойду берели дегенбиз»,-дейт Алина Качкын кызы.
Бүтүрүүчүлөрдүн класс жетекчиси Мунара Курманова: «Окуучуларым болуп, баарыбыз кеңешип, иштеп чыктык. Бул сүрөттөрдө ар бир окуучунун келечектеги максаттары чагылдырылган. Ушул ойлогон ой-максаттарына жетишсе экен деп тилейм»,-деп өз ою менен бөлүшө кетти. 
Автору:Туратбек кызы Таттыгүл.
Редактору:Бегимай Бекмурат кызы.
Сынак үчүн.