“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкундагы көптөн бери чечилбей келген суу көйгөйү

19 Май 2016 жыл 16:28
Көрүүлөрдүн саны: 203

Нарын районунун Учкун айылында таза суу маселеси көптө бери чечилбей келет. Биз ичип жаткан сууну атайын эксперимент жүргүзгөндө ичүүгө мүмкүн болбостугун текшеришкен.  Учурда айыл тургундары таза эмес сууну айла жоктугунан ичип жатышат. Бул туурасында суу капчыгайынын төрайымы Мээрим Кожомкулова менен маек кылдык.

Саламатсызбы? Бул көйгөй эмне себептен чыкты?

-Бизге суу мурун такыр жетчү эмес, 1-2 жыл мурун эле коңшу Куланак айылынан суу тарттырып келишкен. Бирок ал суубуз эч нерсеге жетпейт. Бизге Куланак жакын болгондуктан тарттырганбыз, бирок ошол суу биздин айылды бүтүндөй камтый албайт. Суу жетишсиз.

IMG_0484

Ушул туурасында айыл өкмөтүнө кайрылып кордунузбу? -Мен бул туурасында айыл башчыга айтып келдим, айыл өкмөт бул туурасында айтканымда эч нере деп айталган жок.

IMG_0444

Ушул маселени эми кантип чечели деп жатасынар?

-Бул туурасында дагы башкаларга кайрылган жокмун бирок бизге Учкундун жаштары спонсор болуп беребиз дешкен. Алар бизге спонсор болуп Кош-Булактан таза суу тарттырып келуүгө даярбыз дешти. Себеби эксперименттер келгенде ал жактагы суу таза экенин айтышкан ичүүгө жарактуу деп.  Спонсорлор жардам кылууга даяр бирок ал үчүн айыл өкмөттөн жана айыл тургандардан уруксаат алышыбыз керек экен. Биз закон ченемдүүлүк менен иштешибиз керек.

IMG_0445

Мындан кийин эмне кылмакчысыз?

-Эми айыл өкмөткө дагы кайрылып чечүүгө аракет кылабыз да. Бул таза сууну көйгөйүн чечиш керек себеби азыркы тапта суу жагынан абдан кыйналдык. Дагы аракет кылабыз бул маселени чечкене.

Даярдаган: Анжелика Касымакун кызы

Сынак үчүн

Редактору: Жанара Аснкул кызы