20-май күнү Чоро Кожомжаров атындагы маданият үйүндө Тыныбек Жапы уулунун 170 жылдыгына карата “ Бабам Манас осуяты” аталышындагы өрөөндүк фестиваль өттү. Бул уюшулуп жаткан иш чаранын жеңүүчүсү жакында Миң-булакта боло турган Республикалык деңгээлдеги фестивальга жолдомо алды.
Фестивальдын уюштуруучусу Чоро Кожомжаров атындагы маданият үйүнүн жетекчиси Мирлан Дүйшекеев “ Бул фестиваль өрөөнүбүздө экинчи ирет өткөрүлүүдө. Айтылуу манасчы Тыныбек атабыздын 170 жылдыгына карата уюштурдук эле “,- дейт ал.

Бул иш чарага 7 жаштан 70 жашка чейинки таланттар катыша алмак. Фестивальга жалпы төрт айылдын манасчылары катышты. Калыс болуп Нарын районунан атайын кызматкерлер келишкен. Фестивальда окуучу кыздар да Манас айтышты.

Иш чаранын эң эле кенже катышуучусу 1-класстын окуучусу Айдарбеков Тилек болду. Тилектин айтымында Манас айтуу өнөрүн өзүнүн мугалим эжесинен үйрөнгөн. “ Мен мындай сынакка биринчи жолу катышуудамын, келечекте манасчы же милиция болгум келет “,- дейт Тилек.

Аталган фестивальда Миң булакка жоллдомо алган А.Аралбаев мектебинин тарых мугалими Ишенбек уулу Стам “ Манасты мектепте окуп жүргөндө эле айтчумун, бул фестивальда Миң- булакка жолдомо алам деп ойлогон эмесмин”,- деди.

Ошондой эле Ишенбек уулу Стам эми бар күчүн ушул фестивальда биздин өрөөндү татыктуу көрсөтүүгө аракет кылаарын айтты.
Даярдаган: Алмаз Эшбаев
Редактору: Найзабек мукамбет уулу
Сынак үчүн