Нарын районуна караштуу Учкун айылынын Э.Токсобаев атындагы орто мектеби 2010-жылы ишке берилген. Бирок 4-жылдан бери окуучулар спорт аянтчасынын жоктугунан баткакта ойношууда.
Бул туурасында мектеп директору Арзыгүл Шеримбекова: «Мектептин мурунку директору хоккей жана футбол аянтчасын курууну пландаштырып, бирок кызматтан кетип калган. Азыр футбол аянтчасын курууга аракет кылып көрөбүз, бирок качан бүтөөрүн чынында айта албайм»,-дейт ал.
Азыркы убакта баткакта болсо да футбол ойношууда. Алардын бири 7 класстын Сүйүнбек уулу Бекбол: «Бизге көп күн катары менен жаан жаады, бирок биз баткак болгонго карабастан ойноп жаттык»,-деди.
Бекболдун айтуусунда эгер спорт аянтча болсо кийимдери да булганбай, баткакта эмес жашыл аянтчада ойномок экен.
Даярдаган: Элина Асанакунова
Редактору: Найзабек Мукамбет уулу
Сынак үчүн