“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкундун 5классынан бери ыр жазган жаш акын

21 Май 2016 жыл 11:54
Көрүүлөрдүн саны: 135

Учкун айылынын Э.Токсобаев орто мектебинин 10б классынын окуучусу Айканыш Адил кызы 5классынан бери ыр жазат. Айканыштын азыркы убакта 40тан ашуун ырлары бар. 

IMG_0423Айканышка бул ыр жазуу өнөрүңүз кайдан пайда болду? деген сурообузга төмөнкүчө жооп берди:»Мен 5класс кезимде класс жетекчибиз апалар туурасында ыр жазып келгиле деп тапшырма берген. Ошондон ыр жазып ал ырым эжеге жагып, ыр жазууга болгон кызыгуум класс жетекчимдин түрткүсү менен пайда болду десем жаңылышпайм. Ошондон ушул убакка чейин ыр жазуу менен алектенип «Жаш-Талант» сыяктуу фестивалдарга катышып биринчи орундарды жеңип келе жатам»,-дейт жазчуубуз.

Анын айтымында үй-бүлөсү да буга карышы эмес жана алар да жакшы ойдо экенин белгилеп өттү.

Айканыштын өнөрүнө классташтарынын да көз караштары жакшы. Ошондой эле классташтарынын айтымында ал канда концерттик программалар болбосун ырларды бардыгына жазып берет.

Классташы Бекмырза Аскер уулу: «Мага ыр жазуу үчүн жардам керек болсо биринчи эле кайрылганым Айканыш. Ал ырларды бир жактан көчүрүп же угуп алып жазбайт. Анын ырлары жан дүйнөсүнөн чыккан мыкты ырлар. Ырларды ал сол колу менен кантип жазат? деп абдан кызыгам»,-дейт ал.

IMG_0414

Ошондой эле Айканыш келечекте да университеттен да көптөгөн мүмкүнчүлүктөр болот, бул өнөрүн такыр таштабастыган белгилеп өттү.

Даярдаган: Бегимай Бекмурат кызы, Жанара Асанкул кызы