“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкундун “Айыл ажары” республикалык сынакка жолдомо алды

21 Май 2016 жыл 12:57
Көрүүлөрдүн саны: 94

IMG_0172Учкунда өткөн  “Айыл ажары 2016”  өрөөндүк сынагында Бурулча Сынжыбекова жеңүүчү аталган.  Аталган сынактын райондук баскычына катышып Республикага жолдомо алган Бурулча менен маек курдук.

IMG_0186

Саламатсызбы. Алгач сынак тууралуу маалымат бере кетсеңиз.  Бул сынакка кандайча катышып калдыңыз эле?

—  “Айыл ажары “ сынагын “ Аракет “ тобу уюштурган . Негизи бизге 9-10-11-класстардын окуучулары  сынакка катыша алаарыбызды айткан болчу. Анан классыбыз менен кеңешип, алар мени катыш дешти. Ошентип сынакка өз классымдын атынан катыштым.

Апрель айында Учкунда өткөн сынакта каршылаштарыңызды жеңе алдыныз. Бул жеңишке  жетүү канчалык  деңгээлде оор болду?  

— Мен сынакка бир апта даярдандым. Каршылаштарым деле абдан күчтүү эле. Чынында аларды жеңиш кыйын болду. Себеби алар да мыкты даярданып келишкен экен. Бирок мен деле колуман келишинче даярдангам. Ошон үчүн жеңишке жетсем керек деп да ойлоп кетем кээде.

Райондук кароо сынакка кандай даярдандыңыз эле. Кимдер сизге жардам беришти?

— Албетте биринчи ата-энем мени колдоп, каржы маселесин өздөрү камсыздады. Ал эми классташтарым болсо көйнөк жана башкама жардам беришти. Районго негизинен жакшы эле даярдык көргөм. Себеби мен Учкун айылынын атынан барып жатам. Мени Районго колдоп көптөгөн классташтарым барды. Аларга ошондо абдан ыраазы болдум.

Айтсаңыз Республикага жолдомо алам деп ойлодуңуз беле?

— Мен негизи Райондон үчүнчү орунду алгам. Бирок Республикага жолдомо беришти. Негизинен эч качан андай жолдомо берет деп ойлогон эмесмин. Чынында мага бул кабарды айтканда абдан толкундандым жана бир чети кубандым дагы.

 Эми сынакка катышканга республикага барасызбы?

— Билбейм. Сынак июлдун ортосунда болот экен. Ата-энем кичине каршы болууда. Катышуу үчүн билет баасы 5 миң сом экен. Бирок “ Аракет “ жана “ Камбаркан “ тобунун жетекчиси мага жардам көрсөтөөрүн айтышты. Бул сынакка чынында катышкым келип жатат.  Буюрса ата-энемди көндүргөнгө аракет кылам

Маегиңизге чоң рахмат.

Даярдаган: Алмаз Эшбаев

Редактору: Найзабек Мукамбет уулу

Сынак үчүн