“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Быйылкы бүтүрүүчүлөрдүн бурчтарынын көрүнүшү

26 Май 2016 жыл 15:15
Көрүүлөрдүн саны: 174

 

IMG_0001Учкун айылынын Э.Токсобаев орто мектебинин 11класстагы окуучулары  бири-биринен ашып, көптөгө бурчтарды ойлоп табышууда. Бүгүн  11б класс өздөрүнүн пенадан жазаган бурчун илишти.

11а класс келечектеги кыялдары жана кайсы кесиптин ээлери болгулары келгендиги туурасында сүрөттөрдү илишкен. Ал эми 11б класс «Мугалим мөмөлүү дарак» деген макалга жараша сүрөттөрдү илишти.

IMG_0017

11б класстын класс жетекчиси Кумара Жумалиева төмөнкүлөрдү айтып өттү.

IMG_0006

«Биздин башка бурчтардан өзгөчөлүгүбүз мында болду: Биздин берки класс келечек туурасында сүрөттөрдү чапташыптыр, фантазиясы күчтүү экен, бирок алар дубалга чачаптаган анчалык деле көрүнбөй калат экен. Биздикинин өзгөчөлүгү окуучулардын кичине кездериндеги жана чоңойгондогу сүрөттөрү пенага чапталган. Бул нерсени биздин айылдагы Адилет Кутбидинов аттуу балабыз жазады»,-дейт ал.

Кумара эженин айтымында » Бул бурчту жазоого ата-энелерден акча чогултулган. Ал эми муну ойлоп тапкан Мунара Шаймерден кызы , биз анын оюн мындан ары колдоп ушундай нерсени жазадык»,-деди.

IMG_0021

Бүтүрүүчү Элмира Солдатбек кызы: «Мага өзүбүз жазаган нерсе да берки классымдыкы да жакты. Биз бул нерсе менен эмнени чагылдыргыбыз келгенин толук көрсөтө алдык деп ойлойм. Окуучуларга коптогон таасирлерди калтырды. Биздин бурчта көптөгөн нерселер чагылдырылган Мисалы: кичинекей бала окуучуга айланып,  алар кайрадан канат байлап учуп кетишет, мугалим болсо өзү эле сүрөттө көрүнүп тургандай мөмөлүү дарак»,-дейт бүтүрүүчү.

IMG_0028

Биз балдарыбыздын ушундай нерселерди жазоосуна шарт түзүп бердик деген ата-эне Назира Сатыкеева төмөнкүлөрдү баяндап берди: «Биз балдарыбыз 11классты бүтүп жаткандыгына байланыштуу баарына шарт түзүп берүүгө аракет кылып жатабыз. Мага булардын жазагандары абдан жакты жана көптөгөн нерселерди балдар  бурчтан алып алышса болот экен»,-деп сөзүн аяктады.

Бүтүрүүчүлөр азытапта акыркы коңгуроого кызуу даярданып жаткан учурлары.

Даярдаган:Айдана Алмазбек кызы

Редактору:Жанара Аснкул кызы

Сынак үчүн