Э.Токсобаев мектебинин отургучтары мектеп ишке берилгенден бери оңдоло элек. Ошондуктан быйылкы бүтүрүүчүлөр сынган, эскирген отургучтардын ордуна жаңы отургучтарды орнотушту. Отургучтарды орнотууга жалпы 8 миң сом каражат кеткен.
Жаандын жаашы менен мектептин отургучтары суу болуп, отурууга мүмкүн эмес эле. Мына ушундай көйгөйдү быйылкы бүтүрүүчүлөр чечип олтурат.
11-класстын окуучусу Арген Бердибек уулу: “ Биз кичинекей бөбөктөрүбүз жаан жааганда таза жерге, күн ысыкта көлөккө жерге олтурсун деп жасадык. Бул жасаган ишибиздин окуучуларды кубандырганына азыр күбө болуп олтурабыз “,- дейт ал.
Ал эми отургучтарды жасаган Тилек Асановдун айтуусунда ал бул ишти үч күндүн ичинде бүткөнүн жана жасап бергени үчүн акча албаганын айтты.
Азыр окуучулардын да сүйүнүп жаткан кези. Себеби, тыныгуу учурунда алардын көбү ушул салкын жерде олтурат. 10-класстын окуучусу Азиз Таалайбеков төмөнкүлөрдү белгиледи: “ Мурун тыныгуу учурунда класстан чыкпай эле олтура берчүмүн. Эми минтип 11-класстар отургучтарды жаңылап, мен да сабак бүткөндө эшикке чыгып калдым”,- деди.
Отургучту жаңылоо үчүн жалпы 8 миң сом сарпталган. Аларды 11-класстар ар бири 350 сомдон чогултуп беш отургуч жасатышкан. Арген Бердибек уулунун кошумчалоосунда отургучтар жөн гана тура бербестен мектептин көркүн ачып турат экен.
Даярдаган: Алмаз Эшбаев
Редактору: Найзабек Мукамбет уулу
Сынак үчүн