“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкунда ачык эшиктер күнү болуп өттү

26 Май 2016 жыл 12:24
Көрүүлөрдүн саны: 150

 

IMG_0135

Учкун айылынын Э.Токсобаев орто мектебинде райондук «Жыл мугалим» жана «Жаш мугалим» сынактары болуп өттү. Аталган ишчарага 8 мектептен 2ден мугалим келишти. Сынактын максаты: Таланттуу, чыгармачыл иштеген мугалимдерди аныктап чыгуу болгон.

IMG_0045

 

Бул таймаш тууралуу мектеп директору төмөнкүлөрдү айтып өттү: «Бүгүнкү сынак абдан жакшы деңгээлде болуп өттү. Биздин мектеп райондогу чоң мектептердин катарына киргендиктен таймаш бул жерде болуп жатат. Эми аягында ким кандай деңгээлде даярданса ошого жараша орунду ээледи. Сынакта химия, информатика, адабият, математика, кыргыз тил предметтери боюнча сабактар өтүлүп, калыстар тобу өз баасын беришти»,-дейт Арзыгүл Шеримбекова.

IMG_0050

Таймашта өрөөндөрдөн келген мугалимдер тажрыйба алмашып, окуучулардын билим деңгээлине күбө болушту. Эмгек-Талаа айылынан келген мугалим Нурпайыс Өмүралиев: «Мен 6 класстарга кыргыз адабиятынан сабак өттүм. Бул окуучулардын билим деңгээли абдан жакшы экенин көрдүм. Бул жакка келгенде көптөгөн жаңы көрсөтмө куралдарды көрдүм, кийинки сабактарымда алар жардам берет деп ойлойм»,-дейт ал.

IMG_0141

Сынакка келген калыстар тобу Баатырбек Исманбаев: » Калыстар тобу мугалимдердинсабактарына катышып, алардын окуучуларга кандай билим берип жаткандыгына күбө болдук. Баардыгы жакшы жыйынтыкталды себеби калыстар өзүнүн калыстыгын көрсөтүштү. Мурунку турдан өткөндөрдү дагы бир жолу кызыктуу турдан өткөрдүк»,-деди Баатырбек.

IMG_0131

Сынактан грамприни жеңгендер республикалык турга барышмакчы.

Даярдаган: Элина Асанакунова

Редактору: Жанара Асанкул кызы

Сынак үчүн